​Шайлоо босогосун, шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү боюнча мыйзам долбооруна кол коюлду

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам менен киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, төмөнкүлөр каралган:

— Кыргыз Республикасынын аймактарынын ичинде толугу менен 2-форма менен арыз берүү жокко чыгарылды. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар гана 2-форма менен арыз берүүгө укуктуу;

— шайлоо күрөөсү Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга кайтарылып берилет (мурун бул көрсөткүч 5 пайыздан кем эмес болчу);

— шайлоо күрөөсү 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүлгөн;

— шайлоо босогосу 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүлгөн.

Аталган мыйзам 2020-жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты