Клара Сооронкулова Президенттикке талапкер болууга арыз берди
- 3 года мурун
11-ноябрда Конституциялык палатанын экс-төрайымы, “Укук мектеби”коомдук бирикмесинин төрайымы Клара Сооронкулова БШКга Президенттикке талапкер болуу арызы менен кайрылды. Ал өзүн-өзү көрсөтүп чыкты.
Ошону менен Клара Соорнкулова буга чейинки 11— талапкердин арасындагы жалгыз айым талапкер болууга арыз берди.
Президентикке талапкерлердин толук тизмеси менен бул шилтемеден тааныша аласыздар.
БШКнын 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.
2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда..
Талапкерлерди көрсөтүү 15-ноябрга чейин жүрөт.