​COVID-19: 988 киши оор абалда

  • 3 года мурун

10-ноябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 570 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 121;
Ош — 114
Чүй облусу – 85;
Ош облусу — 30;
Талас облусу — 21;
Нарын облусу — 5;
Ысык-Көл облусу – 51;
Жалал-Абад облусу – 61;
Баткен облусу — 82.

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 570
Стационарда 3444 бейтап дарыланууда. – Алардын ичинен:
56 киши (1,6%) — канааттандыраарлык абалда;
2259 киши (65,5%) — орто оор абалда;
988 киши (28,6%) — оор абалда;
141 киши (4,0%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 3892 бейтап.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 63 960 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 416 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 54 774 кишиге жетти.

3 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1185 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты