​Байден: «Биз Американын тарыхында эң көп- 74 миллион добуш менен уттук»

  • 3 года мурун

Жозеф Байден президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп табылып, АКШнын 46-президенти деп жарыяланды.

Дональд Трамп шайлоо мыйзам бузуу менен өттү деп, жыйынтыктары боюнча даттана турганын билдирди.

Ао эми Байден шайлоо таза өттү деген пикирде:

«Бул өлкөнүн эли өз тандоосун жасады. Алар бизге таза жана ишенимдүү жеңиш тартуулашты. Биз Американын тарыхында эң көп — 74 миллион добуш менен уттук! Мен бөлүүгө эмес, бириктирүүгө умтулган, кызыл жана көк штаттарды эмес, жалпы Кошмо Штаттарды көргөн президент болууга ант беремин» деди Жо Байден.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты