Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жүрүш

  • 3 года мурун

8-ноябрда Бишкекте “Баш мыйзам үчүн” деп аталган жүрүш өттү. Ага 20дан ашык жарандык активист катышып, “Конституцияга тийбе” деп жазылган баракчаларды көтөрүп, Эркиндик сейил багынан борбордук аянтка чейин басып келишти.

Уюштуруучулардын бири Улан Үсөйүн жаңы бийлик башчыларынан Баш мыйзамды сактоону, парламенттик шайлоону 2020-жылдын 20-декабрында өткөрүүнү талап кылып жатышканын айтты.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дарооүч окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна ушул күнү келип түшкөн.

Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата кайрылууну кабыл алып, аны кароого даярдык жүрүп жатканын билдирди.

Айрым жарандык коом өкүлдөрү Садыр Жапаровду «бийликти басып алууда» деп сындап жатышат. Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуу учурунда «бийликти узурпация кылууда» деген саясий атаандаштарынын дооматтарын четке кагып, «бардык өзгөртүүлөр ачык-айкын өтөт» деп айткан болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты