COVID-19: 556 киши жуктурду. 2 бейтап каза тапты. 132 бейтап өтө оор абалда

  • 3 года мурун

7-ноябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 556 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 160;
Ош — 42;
Чүй облусу – 95;
Ош облусу — 54;
Талас облусу — 17;
Нарын облусу — 7;
Ысык-Көл облусу – 40;
Жалал-Абад облусу – 91;
Баткен облусу — 50.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 62 304 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 551 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 53 406га жетти.

2 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1172 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Стационарда 3445 киши дарыланууда. Алардын ичинен:

51 адам (1,4%) — канааттандыраарлык абалда;
2293 (66,5%) — орто оордукта;
969 (28,1%) — оор абалда;
132 (3,8%) — өтө оор абалда.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты