​Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоо

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

-Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө журналисттик адистиктин мааниси артып, маалыматсыз жашоо элестетилбей калган учур.

Мындай шартта демократиялык өнүгүү жолундагы Кыргызстан үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ачык-айкындуулугунун баасы өтө жогору экенин өлкө турмушундагы орчундуу окуялар таасын далилдеп келет.

Себеби журналисттердин коомго ачык-айкын, калыс маалымат жеткирүү менен коомдук аң-сезимдин калыптанышына таасири күчтүү.

Өлкөбүздүн тарыхый урунттуу учурларына, мамлекеттин социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жактан өнүгүүсү үчүн жасап жаткан бардык иш-аракеттерине дагы курч калем ээлеринин кошкон салымы эбегейсиз.

Ошондой эле дүйнөлүк коомчулук менен катар өлкө башына келген коронавирус пандемиясы күч алып турган маалда аны менен күрөшүүдө журналисттердин өз кызматын так, жоопкерчилик менен аткарганы өзгөчө белгилөөгө арзыйт.

Мындан ары дагы мамлекеттик бийлик менен элдин ортосундагы өз ара байланышты жакындатып, чыңай бересиздер деп ишенем. Коомдун күзгүсү, жакшылыктар менен ийгиликтердин жана акыйкаттыктын жарчысы болууну уланта беришиңиздерге тилектешмин.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, чыгармачылыгыңыздарда ийгиликтерди каалайм!

Сөз баккан кыргыз элинде, эркиндикти сүйгөн Кыргызстаныбызда ар дайым сөз эркиндиги, ынтымак жана ырашкерлик болсун!- деп айтылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты