​ «Жапаровдун кызыкчылыгын израилдик чалгындоочу жеке компания сүрөйт» аттуу маалыматты Өкмөттүн бөлүмү төгүндөдү

  • 3 года мурун

Өкмөттүн маалыматтык бөлүмү «Президент Жапаровдун аппаратынын атынан бизнесмен израилдик лоббист менен $1 млн долларга келишим түздү» аттуу маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди

-Маалыматтык порталдардагы «Президент Жапаровдун аппаратынын атынан бизнесмен израилдик лоббист менен $1 млн долларга келишим түздү» аттуу жарыялоого тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын расмий билдирет.

Аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын гана эмес, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келээрин белгилеп кетебиз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке компаниялардын келишимдерин жөнгө салбайт жана эл аралык аянттарда өз кызыкчылыгын сүрөөгө муктаж эмес, анткени Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык эл аралык уюмдар менен ишенимдүү мамилеге ээ.

Андыктан, аталган маалымат чындыкка жатпайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун ар-намысына шек келтирет.

Өкмөтү маалымдагандай, эл аралык инвесторлор менен иш алып баруу боюнча ар кандай чечимдер Кыргыз Республикасынын жана элинин кызыкчылыгын эске алуу менен гана кабыл алынат, -деп айтылат өкмөттүн аппаратынын билдирүүсүндө.

«Foreignlobby.com»: Садыр Жапаровдун кызыкчылыгын израилдик чалгындоочу жеке компания сүрөйт» аттуу макала Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери жана ал негиздеген фирма Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде сүрөөнгө алары тууралуу «Foreignlobby.com» басылмасына шилтеме берүү менен жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты