​“Үмүт” кыймылы жаңы бийликке талап койду

  • 3 года мурун

15 партия жана жарандык активисттер курамына кирген “Үмүт” кыймылы жаңы бийликке бир катар талаптарды койду.

Бул тууралуу кыймыл бүгүнкү брифингде билдирди.

Кыймыл 28-октябрда Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары аягына чыкты деп эсептеп, аны таратып, укуктук талаага кайтып келүүнү талап кылды.

Алар БШКнын парламентке кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү боюнча кабыл алган чечими аткарылышы керек деп билдирди.

Ошондой эле Президенттин милдетин аткаруучу шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү, алсак шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго чейин , шайлоо босогосун 3 %га төмөндөтүү, форма-2 ни четке кагуу боюнча мыйзамга кол коюшу керектиги шарт экендиги белгиленди.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга 22-октябрда кол койду. Мыйзамды 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамда 38 жана 63-беренелерин токтото туруу каралган, ал беренелерде конституциялык реформа аяктаганга чейин кайра шайлоо өткөрүү тартиби көрсөтүлгөн. Андан кийин мыйзамдарга ылайык, кайра шайлоону белгилейт, бул 2021-жылы 1-июндан кеч эмес убакка деп каралган. Мыйзам расмий жарыяланган убактан тартып күчүнө кирип, конституциялык реформа аяктаганга чейин аракетте болот.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров адегенде Жогорку Кеңешке шайлоолор 2021-жылдын март айына чейин өткөрүлүшү керек деп билдирсе, андан кийин 2021-жылдын биринчи жарымында өткөрүлбөйт деп айткан.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты