​Сыймык Жапыкеев төө бурчактын баасын 100 сомго көтөргөндүгү тууралуу маалымат манипуляция(Фактчекинг)

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев өзүнүн Фейсбук баракчасына Таласта төө бурчактын баасын 2019-жылдыкы менен 2020-жылдыкын салыштырып, төө бурчактын баасы былтыры 60сом гана болсо, быйыл 100 сомго чейин көтөргөндүгү тууралуу отчёт берген видеосун чыгарды. Полит Клиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

«Мен келгенге чейин 70 сомго дагы жеткен эмес»

Биздин эң чоң жетишкендик, элим үчүн жеңилдик десек Таласты облусун айтсак болот. Биринчи эле жардамчыларыма айткам, “Таластагы фасолдун схемасын бүт карап чыккыла. Кимдер ортончу болуп кирген, фирмалардын баарын кетиргиле” деп жардамчыларыма тапшырма бергем. Ошондой ортончулар элдин эсебинен жыргап жатышат. Таласка барганда элге айткам фасолдун баасын көтөрүп берем деп. Мына эми фасолдун баасы эң эле бери жагы 80-90 сом, 100 сомго чейин көтөрдүк. Мен келгенге чейин 70 сомго дагы жеткен эмес. Ал дагы биз кыйкырып жатып бааны 70 сом кылганбыз. Былтыр фасолдун баасы 50 сомго дагы жеткен эмес 30 сом болчу. Быйыл 100 сомго чыгардык, буюрса бул дагы өсөт”, — деп айткан Сыймык Жапыкеев.

2017-жылы 100го чейин жеткен

Кыргыз Республикасывнын Улуттук статистикасы боюнча карасак 2019-жылы Талас облусунда январь айынан октябрь айына чейин эң жогорку баа 70 сом болсо, ал эми эң төмөнкү баасы 45 сом болгон.

Ушул эле жылы фасолдун баасын Кыргызстан боюнча январь айынан декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикасында 89 сомдон 93 сомго чейн жеткен.

Август, сентябрь, октябрь айларында төө бурчактын баасы 90 сомдон 91 сомго чейин болгон.

Ушул эле статистикада, төө бурчактын баасы 2018-жылы январь айынан декабарь айына чейин 80 сомдон 100 сомго чейин көтөрүлгөн. Август, сентябрь, октябрь, ноябрь айларында 80 сомдон 95 сомго чейин өскөн.

Ал эми 2017-жылы 89 сомдон 100 сомго чейин Кыргызстанда өскөн. Август, сентябрь, октябрь, ноябрь айларында фасолдун баасы Улуттук статистикададагы малыматта 100 сомдон түшкөн эмес.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сайтындагы маалыматта 2019-жылдын август, сентябрь, октябр, ноябрь айларында баасы 86 сомдон 99 сомго чейин жеткен.

Талас облусунда көп жылдан бери төө бурчак эгип, өткөргөн Мурас Анарбек уулу ПолитКлиникага берген маегинде 2019-жылы 60 сом менен өткөрсө, быйыл эң жогорку баа 86 сом болуп жаткандыгын айтты:

Мен көп жылдан бери Талас облусунда фасоль айдап өткөрөм. Былтыр төө бурчакты быйылкыга салыштырмалуу азырак баага өткөргөнбүз. Быйылкы жылы бир аз да болсо баасы көтөрүлүптүр. 2019-жылы 50 сомдон 60 сомго чейин болгон. Быйыл 83 сомдон 86 сомго чейин болуп жатат эң жогорку баа. Биз биринчи фасолду ортончуларга өткөрөбүз”,- деп билдирди.

Жыйынтык: Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеевдин быйыл төө бурчактын баасын 100 сомго көтөргөндүгү тууралуу маалыматы манипуляция. Чындыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде жана Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин сайтында, төө букчактын баасы жыл сайын ушул убакта көтөрүлүп турган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты