​Министрлик COVID-19 менен грипптин симптомдору окшош деди. Биз аны текшерип көрдүк

Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирус боюнча маалымат брифингинде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев сезондук грипп жана COVID-19 (коронавирус) илдеттерине чалдыккандардын симптомдору бирдей, COVID-19 менен H1N1 (чочко тумоосу) ооругандардын рентген сүрөттөрү бирдей экендигин айтышты. Биз бул маалыматты текшерип көрүүнү чечтик.

Сасык тумоо менен коронавирустун окшоштуктары жана айырмачылыктары

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтында жогору аталган дарттардын симптомдору жазылган.

Ага ылайык, грипп — бул вирустук инфекция. Негизинен мурун, тамак, бронхтор, кээде өпкөлөр жабыркайт. Оору көбүнчө бир жумага созулат. Анын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү температуранын кескин көтөрүлүшү, булчуң жана баш оорулары, жөтөл, ангина жана ринит болуп эсептелет. Вирус жөтөлгөндө адамдан адамга аба тамчылары аркылуу жугат. Сасык тумоо тез жайылып, мезгилдүү эпидемияларды жаратат.

Вирусту жуктуруп алгандардын көпчүлүгү бир-эки жуманын ичинде эч дарыланбастан сакайып кетишет. Бирок, балдар, улгайган адамдар жана олуттуу оорулардан жапа чеккен адамдар үчүн сасык тумоо кооптуу — бул ири оорулардын татаалдашына, өпкөнүн сезгенишине жана өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Ошол эле учурда COVID-19 илдети төмөнкүдөй симптомдорду камтыйт:

калтыратма; кургак жөтөл; чарчоо.

Кээ бир бейтаптарда сейрек кездешүүчү белгилерге төмөнкүлөр кирет:

жыттын же даамдын жоголушу; мурундун бүтүшү; конъюнктивит (көздөрдүн кызарышы); тамак ооруу; баш оору; булчуң же муун оорусу; жүрөк айлануу же кусуу; ич өтүү; үшүк же баш айлануу.

ДССУнун айтымында, COVID-19дун жеңил формасына чалдыккандарда инфекция симптоматикалык мүнөздө болот же таптакыр жок.

COVID-19 татаал формасы төмөнкү симптомдор менен белгиленет:

энтигүү; табиттин жоголушу; аң-сезимдин башаламандыгы; төштөгү туруктуу оору же кысылуу; дененин температурасынын (38 °Cден жогору).

Башка, анча көп эмес белгилерге төмөнкүлөр кирет:

аң-сезим деңгээлинин төмөндөшү (кээде талма менен коштолот); тынчсыздануу; депрессиялык абал; уйкунун бузулушу; инсульт, мээдеги сезгенүү, делирий жана нервдин жабыркашы сыяктуу кыйла оор жана сейрек кездешүүчү неврологиялык татаалдашуулар.

Ошондой эле, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында коронавирус менен грипп симпторунун, жугуу жолдорунун айрым өзгөчөлүктөрү жана бул ооруларга чалдыккандардын тобокелдик тобуна киргендер айтылат. Ага ыйлайык, гриппте балдар, кош бойлуулар, улгайгандар тобокелдик зонасына кирсе, COVID-19да тобокелдик зонасына улгайгандар жана фондук ооруларга чалдыккандар кирет.

Аны менен бирге бул билдирүүдө эки вирустун ортосундагы инкубациялык убакыты айырмаланаары айтылат. Коронавирустун генерациялык убакыты 5-6 күн болсо, грипптики 3-5 күн деп саналат.

COVID-19 менен чочко тумоосуна чалдыккандардын томографиясы окшошпу?

Ошондой эле, Орусиялык окумуштуулар биргелешип өткөргөн изилдөөдө H1N1 (чочко тумоосу) жана COVID-19га чалдыккандардын рентгендик сүрөтү окшош экендигин айтшкан.

Бирок, Кытайлык окумуштуулардын Ухань өпкө оорулар ооруканасы менен биргелешип жүргүзгөн изилдөөсүндө компьютердик томографиянын жыйынтыктарын жарыялашкан. Ал изилдөөдө коронавирус менен чочко тумоосуна чалдыккан адамдардын бир канча көрсөткүчтөрү салыштырылган. Анын ичинде компьютердик томографиянын сүрөттөрү салыштырылган.

Сүрөттөө мүнөздөмөлөрү боюнча, H1N1ге чалдыккан бейтаптарга караганда (45,3%; P <0,001) COVID-19 бейтаптарында (94,5%) көкүрөк КТда айнек тунук эмес болуп көп кездешкен. Ал эми, H1N1 бейтаптарында консолидация COVID-19 пациенттерине караганда көп кездешкен (P = 0.042).

Жыйынтык: COVID-19 менен грипптин айрым симптомдору гана окшош; COVID-19 менен H1N1 (чочко тумоосу) компьтердик томографиясында айырмачылыктар бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты