​Текебаев: «Президенттик система менен 30 жыл артка кетебиз»

  • 3 года мурун

Депутат Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроолоруна жооп берүү учурунда Садыр Жапаров сунуштап жаткан бир мандаттык шайлоо системасы өлкөнү 30 жыл артка тартарын билдирди.

«Бизде саясатчылар элге жөнөкөй проблемаларды эле алып чыгып, депутаттардын саны көп, 120 депутат ашык деп жатышат. Депутаттардын санын өзгөртүудөн эч нерсе болбойт. 90 депутат болсо деле азыркыдай абалда калабыз. Бизде проблеманын маңызы — мамлекеттик структурада, министрликте иштегендерди азайтууда эмес. Проблема — максатты туура кое билүүдө. Эми президенттик система орнойт деп жатышат. Анда биз 30 жыл артка кетебиз. Түркмөнстан, Өзбекстандын катарына барып кошулабыз» деди.

Садыр Жапароа «Биз азыр партиялык башкаруу дегенден кетип, президенттик башкарууга барышыбыз керек. Анан курултай институтун киргизип коёлу деп жатам» деген пикирин 3-ноябрда “Region” телеканалына курган маегинде айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты