Коронавирус вирус эмес бактерия деген маалымат жалган. Фактчекинг

“WhatsApp” мессенджери аркылуу COVID-19 илдети вирус эмес бактерия экендиги, ага каршы вакцина табылганын, чипизация тууралуу маалыматтар тарап жатат.

“ПолитКлиника” медиасынын редакциясы бул маалыматтарды текшерип көрдү.

COVID-19: вирус же бактерия?

Тараган маалыматта COVID-19 илдети вирус эмес, бактерия экендиги айтылат. Бирок, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында COVID-19 вирус экендиги айтылат. Ошондой эле, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да COVID-19 илдети SARS-CoV-2 вирусунан келип чыгаарын маалымдайт.

Мындан сырткары, COVID-19ду пайда кылган SARS-CoV-2нин геномунун изилдөөдө ал вирус экени тастыкталган.

Жыйынтык: COVID-19 илдети бактерия эмес, вирус.

Италия Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо мыйзамын буздубу?

Мессенджер аркылуу таркаган катта төмөнкү жазылган : Италиянын врачтары дуйнолук саламаттык сактоо мыйзамынын (ДССМ) катуу талабына вирустан олгон адамдарды сойууга (вскрытиеге) баш ийбей, изилдеп корушуп, ушундай нерсени аныкташты.”

Биринчиден, Италиялык дарыгерлер “бузган” Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо мыйзамы жок. Ар бир мамлекет дарылоо протоколун жана өлгөн адамдардын денесин ачуу боюнча чечимдерди өзү кабыл алат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жөн гана кеңеш берүүчү орган экендиги ДССУнун уставында жазылган.

Экинчиден, Италиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 8-апрелинде тараткан билдирүүсүндө коопту абал тараганча COVID-19 илдетинен каза тапкандардын денесин ачууга уруксат берген эмес. Бирок, кийинчиреек Италиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги инфекциянын тарап кетпөөгө кепилдик берген жайларда изилдөө жүргүзүү максатында денелерди ачууга уруксат берген.

Жыйынтык: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо мыйзамы жок, Италия дарыгерлери аны бузган эмес.

Коронавирус менен ооругандар тромбоздон каза таап жатабы?

Италиялык окумуштуулар COVID-19 кан тамырларда тромдорду пайда кылуусун аныкташкан. Аны менен бирге, бул изилдөө COVID-19 илдети SARS-CoV-2 вирусунан келип чыгаары жана ал курч респиратордук ооруну пайда кылуусу тастыкталган. Бирок ушул эле изилдөөдө өлүмдөрдүн негизги себеби тромбоз эмес, пневмония экендиги айтылат.

Ошондой эле, 10-апрелде Голландиялык окмуштуулар өз изилдөөсүн жарыялашкан. Ал изилдөөгө COVID-19дан келип чыккан пневмониясы бар 184 адам катышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгында, ага катышкан адамдардын 31 пайызында тромбдор менен көйгөйлөр бар экендиги аныкталган.

Жыйынтык: COVID-19 пневмония менен бирге тромбозду пайда кылышы мүмкүн.

Антибиотиктер менен дарыланса болобу?

Таратылып жаткан маалыматта илдетти дарылоо ыкмасы сунушталат:

“Азыр эми мындай жол мененн сакайуунун аракетине отуубуз керек:

100мг аспирин жана апронакс, парацетамол ичуубуз керек. Азыр ИТАЛИЯДА протоколдордун алмашуусу журуп жатат.

Италиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 12-октябрда, сасык тумоонун сезонун эске алып, COVID-19 дарылоонун жаңы протоколун кабыл алган. Ал протоколдо антибиотиктер коронавируска каршы колдонулушу керек экени айтылган эмес.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму антибиотиктер вируска каршы туруштук көрсөтпөстүгүн айткан.

Ошондой эле, ДССУ өзүнүн изилдөөсүндө аспирин, ибупрофен, диклофенак жана напроксен сыяктуу антибиотиктердин COVID-19га каршы туруштук көрсөтө тургандыгын тастыктоочу көрсөткүч жок экенин айткан.

Муну менен бирге, аталган уюм коронавируска каршы вакцина үстүбүздөгү жылдын аягында чыгышы күтүлүп жатканын маалымдайт.

Жыйынтык: антибиотиктер вируска каршы эффективдүүлүгү далилденген эмес.

Вирус жана чиптер

Маалыматты таркаткандар “Алар вакцинация менен чипизация жасап, бутун дуйно элин «ЖУГОНДОП» алууну максат кылып ишке ашырмак болгон.” деп билдирүүдө.

Мындай маалыматтарды айрымдар коронавирус менен чип орнотулат дешсе, айрымдар 5G системасы аркылуу адамдарга коюлат деп келишет. Биздин редакция бул маалыматтарды текшерип, андай маалыматтар чындыка дал келбешин аныктаган.

Жыйынтык: коронавирус аркылуу адамдарга чип орнотулбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты