Айнура Усупбекова: «Конституциялык реформага эч ким даяр эмес» (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө «Конституциялык реформа: Муктаждыкпы же мажбурлообу” деген теманын тегерегинде шайлоо боюнча эксперт Айнура Усупбекова сереп салат.


— Айнура айым, соңку кезде конституциялык реформа күн тартибине биринчи маселе катары чыга келди. Бул маселенин ушунчалык тездик менен чыгышына эмне себеп болду?

-Өткөн шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жокко чыгарып, эл нааразы болуп, аянтка чыгып, шайлоо таза эмес өттү деген нааразычылыгы менен чыккан. Бул тынч митинг болчу. Андагы бир гана талап-эмки шайлоо таза өтсүн , бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилсин деп чыгышкан.

Азыр конституциялык реформа болсун, (парламент) бир мандаттуу болсун деп, орто жолдо конституциялык ушундай “кырсык” болуп кетти. Жогорку Кеңеш —азыркы убактагы бир туруктуу орган. Алар деле алсыз болуп калды.

Конституциялык реформа деп жаңы бийлик чыккан. Бул баарыбызга басым жасоо деп эсептейбиз.

Анткени мамлекетте андай суроо жок болчу, жарандар деле, саясий партиялар деле парламенттик системага көнүп, партиялар парламентке барып, деңгээли өсүп, кандай болсо дагы талаш-тартыштар менен Жогорку Кеңеште маанилүү суроолор талкуулана баштаган. Кээ бирөөлөр партиялык системага нааразы болчу. Бирок ошол эле убакта конституциялык реформага эч ким даяр эмес эле, бул талап күн тартибинде турган эмес.

— Басым бийлик тараптан болуп жатабы же дагы башка жактанбы?

— Азыркы бийликти эл аралык коом, биздин айрым жарандарыбыз, негизи мамлекеттик органдарыбыз да оңой менен тааныбай жатпайбы. Кандай чечимдер чыгып жатат, эмненин алкагында, бир күнү бирди, экинчисинде башканы айтып. Борбордук шайлоо комиссиясын да жокко чыгарабыз деп, канча ызы-чуу болду ошол маселе.

Анткени конституциялык органдар, мамлекеттик органдар чоң кысымга кабылып, мыйзамсыз чечимдер чыгып жатат, ошол эле Жогорку Кеңеште. Мына, кечээ жакында көрдүңүздөр, кайра шайлоо өткөрүлсүн деген мыйзам кабыл алынды, бир күндө үч окуудан өтүп. Ошол замат азыркы бийлик тарабынан кол коюлду. Андан тышкары Жогорку Кеңештин спикерин алмаштырабыз деп депутаттарды мажбурлап жатышканын көрүп жатабыз.

Кечээ жакында Борбордук шайлоо комиссиясынын көз карандысыз органдарына милиция келип, документтерди алып, коркунучтуу эле окуя болуп жатат..Ошол эле коопсуздукту карасак, биздин жарандарыбызга эч ким кепилдик бере албайт.

Ушундай убакта конституциялык реформаны өткөрүүгө болбойт.

Биринчиден, бул чыр-чатак менен бүтүп калышы мүмкүн, экинчиден эптеп мажбурлап өткөрүлсө деле, кийин бир убакта тааныбай, мүмкүн сотко же конституциялык палатага кайрылышы мүмкүн кээ бир жарандар, юристтер. Бул – туура жол эмес.

Бир мандаттуу системаны кайрып алабыз деген убаданы аткарууга шашылып жатышат

— Бийликтин конституциялык реформа керек деп шашылыш чыкканынын кандай максаты бар?

— Бир мандаттуу системаны кайрып алабыз деп элге убада берилген болчу. Эми ошол убада, ишенимди аткарууга шашылып жатышат да. Ушул талкууну кенен, шашылбай, кыска мөөнөттө эмес, ачык долбоор менен алып чыгышса болмок. Долбоору жок болуп жатпайбы, азыр Жогорку Кеңештин имаратында 2-3 долбоор жазып отурушат, бирок кимдер, кандай долбоор жазып жатат, билбейсиң.

БШКнын парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү керек деген чечими кандай болот?

— Бул мыйзамдын талабы болуп жатпайбы, Жогорку Кеңештин шайлоосу өттү, жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жокко чыгарды, андан кийинки кадам кайра шайлоо болушу керек.

Айрымдардын ою башка жакта болуп калды, даяр эмеспиз деп, бир тизмеден башкасына көчө башташты, канча каражат жок болду, булардын каражаты жок. Ошондуктан көп партиялардын макулдук бергенге мүмкүнчүлүгү болбой жатат. Бирок 48 партия катышууга арыз берди. 15 партия кечээ жакында өзүнүн кайра шайлоо болушу керек деген пикирин айтты. Жогорку соттун чечимин күтүп жатабыз.

Эгерде Жогорку сот Жогорку Кеңеш туура кабыл алды, мыйзам кабыл алууда одоно бузуу болгон эмес десе, анда шайлоо жазга өтүп кетет. Аны дагы жокко чыгарып, кийин конституциялык реформа болот деп калса, (андай дагы сценарий болушу мүмкүн), анда мамлекетте туруктуу орган жок болуп калат. Мисалы Жогорку Кеңештин 5 жылдык мөөнөтү бүттү. Көп суроолор болуп жатат, азыр Жогорку Кеңеш легитимдүүбү же легитимдүү эмеспи деген. Менин оюмча бул Жогорку Кеңеш кийинкиси келгенче болушу керек. Президенттик шайлоо өтүшү керек. Кийин реформаны талкуулап, өткөрүш керек болот.

Азыркы убакта мамлекеттин казынасында акча жок, болсо дагы кийинки кырдаал, коронавирустун экинчи толкуну болот деген коркунуч бар.

Ошого карабастан референдумду баштаса, бул кайра эле биздин шордуу шайлоочуларды колу-бутунан тартып, түшүнбөгөн суроолорду коет дагы, эл же ооба, же жок деп добуш бериш керек.

Жогорку Кеңештин жыйынынан ошол натыйжаны көрөбүз. Эми жоопкерчиликти Жогорку Кеңеш алат.

Кийинки кадамдар кандай болот?

Бийлик, Борбордук шайлоо комиссиясы, депутаттар кийинки кадам кандай болорун чогулуп талкуулашпайбы?

— Азыр бүт мамлекеттик органдарды титиретип, 5-6 жетекчини коюп, алмаштырып, туруктуу система болбой жатат. Жогорку Кеңештин спикерин дагы алмаштырабыз деп депутаттарды мажбурлап жатышат.

— Спикерди жаңы эле шайлашпады беле, анын максаты кандай?

— Максаты азыркы бийликти үч дос кармайбыз деп мамлекеттик система бир кызык формада иштеп калды. Коопсуздукту четке кагып, мыйзамсыз көп процедуралар өтүп, абдан коркунучтуу болууда.

— Мунун кесепеттери биз үчүн кандай болушу мүмкүн?

— Өзүңүз көрдүңүз, шайлоодон кийин канча дүрбөлөң түштүк, элдин мүлкүнө, ден соолугуна коркунуч болду. Андан тышкары экономикалык коркунучтар, мына кичи жана орто бизнес иштебей калды. Иш жок болгондон кийин кбюджетке акча түшпөй калса, пенсия, пособие берилбей калат. Келе жаткан 2021-жылы ачарчылык болот деп ойлойбуз, анткени мамлекет бизге ишенбестик системасын жаратууда. Андан тышкары биздин Кытайдын алдындагы карызыбыз 2021-жылдан баштап эле мойнубузду бууй баштайт.

— Экономикалык амнистия болот, киреше түшөт деп жатышпайбы…

— Ой, демилге дагы мыйзам түрүндө чыгат. Бирок бул укук коргоо органдарына дагы бир коррупциялык мүмкүнчүлүк болот. Ишкерлерди эптеп эле кысым кылып, дагы эле акча чыгаргыла деп калат. Ким эле чуркап барып мамлекетке акчасын төлөп берет, билбейм.

— Эми өлкөдөгү мындан аркы кадамдар кандай болот?

Азыр лидерлер отуруп алып бир келишимге келиши керек. Жогоку Кеңеште саясий партиялар бийлик менен сүйлөшүш керек, кырдаалды кантип оңдойбуз, кайсы саясий кадамга барабыз деп.

Биз кечээ жакында саясий партияларга аянтча уюштурганбыз, бирок бийлик өкүлдөрүнөн эч ким келген жок.

Алар өзүнүн күн тартибиндеги нерсени жасай баштайт, эч ким менен акылдашпай эле. Ошондуктан биринчи кадам биздин жарандарга түшүнүктүү болуш керек. Президенттик шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы бекитти, 10-январда деп. Ага ким катышат, катыша турган киши азыр ыйгарым укуктардын баарын алып алды. Эми бере турган киши жок болуп калып , азыр Жогорку Кеңештин спикерин эмнеге алмаштырабыз деп жатат? Анткени ишенген кишиге бериш керек болуп жатат да. Ушундай чоң-чоң кызматты бербесе өзү да шайлоого бара албайт, анткени милдетин аткаруучу статусту жөн эле берип коюуга мүмкүн эмес.

Азыр начар эле абалга келип калдык. Ошол абалдан кантип чыгабыз, билбейм.

Эл барган сайын жаңы бийликке ишенбей баратат. Булар бүгүн бирди, эртең экинчини айтат, өздөрү дагы билбей жатат. Ал эми билбегенден кийин, ошол кадамга барса дагы, акылдашып барышы керек, бүт лидерлер менен дискуссия кылып.

Оппозиция өкүлдөрү чоң-чоң бийлик орундарын алып жатышат, демек, консенсус башталып жатабы деп карап атабыз. Эгер башталса, анда сөзсүз көз карандысыз органдарга басым жасалбаш керек. Кечээ жакында эле Борбордук шайлоо комиссиясын араң сактап калдык өзүм билемдиктен. Кудай буюрса алар иштей баштады, ага басым жасабаш керек. Жогорку сотко, дегеле сотторго басым болбошу керек. Андан тышкары аткаруучу органдардын мүчөлөрүнө.

Төңкөрүштүн эртеси эле көрүп жаттык, айыл өкмөттөн баштап, мэр кызматтарына чейин басып алып жатышты. Укук коргоо органдары дагы иш-аракет жасабай калбадыбы. Кээ бир жерлерде саботаж болуп калышы мүмкүн, өздөрү дагы билбей, мыйзам боюнчабы же бийликтин буйругу боюнчабы деп.

Коопсуздук эң эле маанилүү, экинчиден, саясий талкууну жаратыш керек, андан тышкары — президенттик шайлоону өткөрүү. Туруктуу органдарды шайлап алыш керек. Анан Жогорку Кеңешти шайлап алыш керек. Ошого катарлаш эле талкууну жүргүзүш керек.

Мүмкүн ишибиз өз калыбына түшүп кетет. Түшпөсө бүтүндөй Борбор Азияга биз абдан чоң коркунуч болуп калабыз, анткени чек араларыбыз ачык, жакшы бекитилген эмес. Коопсуздук жагы кошуналарыбызга да тийип жатат, Кыргызстан качан өз ордун алат, баш-аламан болуп калып жатат деп Россиядан баштап, башка мамлекеттерде да көп суроолор жаралууда.

Мамлекеттик органдар мыйзам түрүндө баарын жасаш керек эле. Азыр көп эл аралык институттардан, жетекчилеринен бекем ишеним болбой, грант, кредит системалары да токтоп калды..

— Евробиримдик дагы баш тартты деген маалымат чыкты…

— Алар баш тарткан жок, токтотуп койду. Анткени санариптештирүү абдан чоң долбоор , “Түндүк” системасы иштесе, өкмөттүн процесстерин ачык жарыялаганга, жарандарыбызга мүмкүнчүлүк болот. Ошондуктан бул чоң долбоорду токтошпош керек эле.

-Өмүрбек Текебаев парламенттик кайра шайлоону жана президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоону бир өткөрүп койсо болот деген сунушун айтты эле. Бул сунушка кандай карайсыз?

Эки чоң шайлоо жок дегенде арасы 20 күндүк айырма менен өткөрүү жакшы жол. Анткени Жогорку Кеңешке шайлоо тез арада өтсө, анан президенттик шайлоо болсо, бул туура жол болмок.

Экинчи жол- президенттик шайлоо 10-январда, кийин май же-июнда — парламенттик шайлоо. Ага чейин Жогорку Кеңеш ыйгарым укуктары бүтсө дагы жаңы Жогорку Кеңеш келгенге чейин булар функцияларын аткарууга мүмкүнчүлүгү бар, бирок менимче, мыйзам кабыл алууга булардын мүмкүнчүлүгү жок.

Парламенттик системада Жогорку Кеңеш эң маанилүү орган, чечим алып, туруктуу болсо, парламентаризм өз деңгээлине келип калат. Эгерде депутаттар процедураны кармабаса, анда ишеним дагы жоголот. Ошондуктан азыркы убакта президенттик шайлоодон мурда парламенттик шайлоо өтүшү керек болчу.

-Сиздер диалогго аянтча уюштурасыздарбы?

Коомдук диалогду областтарда өткөрүп, элдин маанайын билип, эл өз ой-пикирлерин айтса деп ойлонуп жатабыз.

— Конституциялык реформа муктаждыкпы же мажбурлоо болуп жатабы?

— Азыркы муктаждык – элдин талабы- 3 % босогону кабыл алыш керек, 5 миллион сом күрөөнүн ордуна, 1 миллион сом деп кабыл алыш керек, форма-2ни жокко чыгаруу керек.

— Жогорку Кеңеште андай мыйзам кабыл алынды да…

— Кабыл алынды, бирок ага азыркы бийлик кол койгон жок да. Ал дагы коркунучтуу болуп жатат. Ал кол коюп, жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү убадасын Жогорку аткарды, бирок 3 % босого, 1 миллион сом күрөө, форма-2 боюнча мыйзамга жаңы бийлик тарабынан кол коюлган жок. Эгер шайлолор башталып калса, ушундай нормалар киргизилбей калса, кайра эле 7 % босого, 5 млн сом, форма—2 менен барып калат.

Саясий оюнду токтотуп, конституциялык реформаны кабыл албаш керек

Ошон үчүн саясий оюндарды токтотуп, элди, мамлекетти ойлоп, Конституциялык реформаны кабыл албаш керек.

Кеп — Конституцияда эмес, кеп аны аткарууда. Де-факто-президенттик система болуп жатпайбы, а эмне үчүн депутаттар дагы президенттик системадан коркот, анткени Президенттин колунда коопсуздук комитети болуп жатпайбы, ошондуктан баары коркуп жатат.

Эгерде Президенттин ушундай мүмкүнчүлүгү жок болуп, жалаң эле тышкы саясат, тышкы коопсуздук маселелери менен алектенип калса, ички саясий системага кийлигишпесе, анда президенттик системага бурулбай эле, накта парламенттик система иштей баштайт эле. Бирок дайым Президент кошулуп, аралашып, жатат.

Саясий лидерлердин арасында да ушундай талап болуп жатат, Президенттин ыйгарым укуктары чектелиши керек, парламент күчтүү болушу керек деген. Бирок парламент мажоритардык система менен күчтүү боло албайт, кайра эле майда соодагерлер , олигархтар келип, 100 % эркектер, кайра эле биздин үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңештей болуп калат.

Ошондуктан ушундай коркунучтуу нерселер болууда. Суроолор көп, эч ким так жооп бере албай жатат.

Айгүл Бакеева

Сүрөт: “ПолитКлиника”

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты