​Коронавируска каршы коллективдүү иммунитетти пайда кылууга мүмкүнбү? Фактчекинг

Коллективдүү иммунитет — эпидемиологиялык термин. Бул термин вируска каршы туруштук көрсөтүлгөн абалды камтыйт. Вируска туруштукту эки жол менен көрсөтсө болот: вирус менен ооруп чыгыш керек же вируска каршы вакцинаны алыш керек.

Азыр мүмкүн эмес

Коллективдүү иммунитет тууралуу бизге өлкөнүн башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев айтып берди:

“Азыр коллективдүү иммунитетти пайда кылабыз деп санитардык нормаларды четке какпашыбыз керек. Элди бош коюп койгон туура эмес. Учурда эң негизгиси санитардык нормаларды, жеке гигиенаны, социалдык аралыкты жана үй карантинин сакташыбыз керек. Дүйнөлүк медициналык коом коронавирустун жайылышын көзөмөлгө алып, азайтышыбыз керек деп жатат. Коллективдүү иммунитетти пайда кылабыз деп, жарандардын ден соолугун төбөкелдике салбашыбыз керек. Тилеке каршы, бул вирустан өлүмдөр көп катталып жатат. А, коллективдүү иммунитетке жетишибиз керек деп медицинага тиешеси жок адамдар деле сүйлөп жатышат, андай болбош керек”, — деди Талантбек Сооронбаев.

Мындан сырткары Талантбек Сооронбаев коллективдүү иммунитет массалык вакцинациялодон кийин пайда болушу мүмкүн экенин билдирди:

“Коллективдүү иммунитетке келечекте барабыз, вакцинация аркылуу көзөмөлгө алынат. Бирок, азыркы абалда бизде изоляция, жеке карантиндик абалдар болуш керек”.

Коллективдүү иммунитет пайда кылабыз дегендер

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы дүйнөлүк карантин жарыялаганда, айрым мамлекеттер коллективдүү иммунитет иштеп чыгуу максатында өз аймактарында күчөтүлгөн карантин режимин киргизишкен эмес. Анын жыйынтыгында, мисалы Швецияда, Коронавирустан улам каза тапкандардын саны 4468ге жеткен. Швециянын бийлик өкүлдөрү бул кадамды туура эмес экенин моюнуна алышкан.

Ушундай эле окуяга Улуу Британия кабылган. Дүйнөдө карантиндик режимдер кирип жатканда, Улуу Британиянын бийлиги коллективдүү иммунитет пайда кылуу максатында, катуу карантиндик режим киргизүүдөн баш тарткан. Анын жыйынтыгында Улуу Британиянын Премьер-министри Борис Джонсон коронавируска чалыгып, азыр бул өлкөдө ооругандардын саны 900 миңге жакындаганын Дж. Хопкинс университети маалымдоодо.

Коллективдүү иммунитетти изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат

Учурда COVID-19га каршы туруктуу коллективдүү иммунитеттин пайда болуп-болбошун аныктоо үчүн дүйнө окумуштуулары изилдөө жүргүзүп жатышат.

“Пастер” атындагы Санкт-Петербург эпидемиологиялык жана микробиологиялык изилдөө институтунун директору Арег Тотолян COVID-19га каршы иммунитет узак убакытка каршы пайда болушу мүмкүн деген.

Бирок, Улуу Британияда жайгашкан “Kings College” университетинин окумуштуулары “Antibody prevalence for SARS-CoV-2 following the peak of the pandemic in England: REACT2 study in 100,000 adults ” аттуу изилдөөсүн жарыялаган. Июнь-сентябрь айларында жүргүзүлгөн бул изилдөөгө 365 миң адам катышкан Анын жыйынтыгында, изилдөөгө катышкан адамдардын санынан 6%да июнь-июль айында вируска каршы антителолор табылса, сентябрь-октябрь айында башталган экинчи толкундун башталышында ал көрсөткүч 4,4 пайызга түшкөн.

пример подписи изображения

“100 адамдын 95и кайрадан вирусту жуктурушу мүмкүн экендигин билгенде, биз калкта коллективдик коргонуу бар дегенден алыспыз. Бул стратегия калктагы инфекцияны контролдоо стратегиясы катары колдоно турган нерсе эмес”, — деген билдирүүсүн изилдөө жүргүзгөндөрдүн бири Хелен Уорд жасаган.

Ошондой эле, Улуу Британия жайгашкан Лидс университетинин Эсептөө техника мектебинин жана биологиялык илимдер факультетинин постдокторанты Суджит Кумар Натхтын “Hardness of Herd Immunity and Success Probability of Quarantine Measures: A Branching Process Approach” деген иликтөөсү 26-октябрда жарыяланган.

Ал изилдөөдө коллективдүү иммунитетке жетүү вирустун инкубациялык периодуна жараша болоорун жана азыр коллективдүү иммунитетке жетүү оор экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле, вирусту жайылтпоодо жеке коргонуучу каражаттардын учурда ролу чоң экени айтылат.

Кельн университетинде саламаттык сактоо экономикасы жана эпидемиологиянын профессору Карл Лаутербах өз Твиттеринде: “Коронавируска каршы эффективдүү вакцина чыкмайынча, вирустун алдын алуу жолдорун сактоо маанилүү”, — деп билдирген.

Вирусту көзөмөлсүз калтыруу — этикага жатпайт

Ошондой эле, ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус 12-октябрда ЖМК өкүлдөрүнө өткөргөн брифингде коллективдик иммунитет жаратуу ыкмасы пандемияны ооздуктоодо күмөндүү экенин айткан:

Коллективдүү иммунитет түшүнүгү вакцинацияга жараша колдонулат. Дүйнөлүк практикада коллективдик иммунитет жаратуу ыкмасы пандемияга карата колдонулган эмес. Мындай ыкманы колдонуу илимий жана этикалык жактан күмөндүү. Биринчиден, азырынча COVID-19га каршы иммунитет тууралуу маалымат аз. Ооруп, айыккан адамда имундук система ар кандай болгонго байланыштуу, антивирус анын денесинде канча убакыт болоору белгисиз. Экинчиден, COVIDди дүйнөнүн көпчүлүгү жугузуп алуу коркунучу бар. Биз бул вирустун абада көзөмөлсүз жүрүшүнө жол бере албайбыз. Жол берсек, азыркыдан да көп адам курман болушу мүмкүн”, — деген Тедрос Адханом Гебрейесус.

Муну менен бирге ДССУ башчысы ар бир мамлекет коронавируска байланыштуу көйгөйлөрдү комплекстүү түрдө, инновациялык технологиялар жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен чечүүгө укуктуу экенин белгилеген.

Коллективдүү иммунитет тарыхы

Доктор Артур В. Хедрич, Иллинойс штатындагы Чикагодогу саламаттыкты сактоо кызматтарынын кызматкери 1900-1930-жылдар аралыгында Бостондогу кызамык оорусу балдардын 68 пайызы вируска чалдыкканда токтогонун айткан. Кийинчерээк, 1930-жылдары, Хедрич Балтимордун балдарынын 55 пайызы кызамык оорусуна чалдыгып калгандан кийин, шаардын калган калкы бул илдетке каршы иммунитетке ээ болгонун байкаган. Дал ушул байкоолор “Үйүрдүк иммунитет” теориясынын өнүгүшүнө алып келген. Бирок теория ооруга дуушар болгон жана ага табигый иммунитетти пайда кылган эмделбеген популяцияларга негизделген. Себеби, ар бир муун бул илдетке кабылып, адамдардын белгилүү пайызы өмүр бою кол тийбестикке ээ болушкан. Баштапкы “Үйүрдүн иммунитет” теориясынын эмдөөгө эч кандай тиешеси болгон эмес. Мисалы, АКШда полиомиелитке жана кызамыкка каршы эмдөө боюнча биринчи кампаниялар 1960-жылдарга чейин болгон эмес. Бул окуя Хедрич өзүнүн теориясын сунуштагандан 30 жыл өткөндөн кийин. Теориянын негизги шарты, жамаат жугуштуу ооруга каршы табигый коргонуунун керектүү деңгээлин иштеп чыкканы, анын айрым мүчөлөрү чындыгында ушул илдетке туш болуп, андан айыгып, ага иммунитет алгандан кийин болгон. Башкача айтканда: жугуштуу ооруга кабылган жана ага табигый иммунитет түзгөн жамааттын мүчөлөрү канчалык көп болсо, оору жалпы жамаатка ошончолук аз коркунуч туудурат.

Жыйынтык: Азыр коллективдүү иммунитетке эрте.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты