Жогорку сот парламенттик кайра шайлоо боюнча БШКнын арызын кайра кайтарды

  • 3 года мурун

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кассациялык арызын кайра кайтарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Боршайкомдун даттануусу боюнча маселе 29-октябрда каралып, мамлекеттик алым төлөгөндүгү тууралуу далили жок болгондуктан, кайра өзүнө кайтарылды.

4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган Боршайком 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» уюму менен «Актив» саясий партиясы БШКнын бул чечимине каршы арызданып, Бишкектин Административдик сотуна кайрылган. Бул сот органы Боршайкомдун чечимин жараксыз деп тааныгандыктан БШК 28-октябрда кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты