​Садыр Жапаров: “Акылбек Жапаровду үч күндөн бери таппай жатабыз”

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер министр Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде кеңешчиси Акылбек Жапаровду таппай жатканын айтты.

«Акылбек Жапаров үч күндөн бери жумушка чыга элек. Үч күндөн бери таппай жатам. Мындан ары ал менин кеңешчим эмес» деп айтты Садыр Жапаров.

Буга чейин Жогорку Кеңеш жыйынында Акылбек Жапаров Садыр Жапаровго кеңешчи болгонун айткан. Депутат Мирлан Бакиров Акылбек Жапаров мурунку өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге да кеңешчи болгонун эскертип, шакаба кылган. Жапаров жооп кылып, Абылгазиев анын кеңешин укканда иш башкача болмок деген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты