Элдар Абакиров: "Экономикалык мунапыс саясий акт болуп калды. Мыйзамдык негизи жок" (ВИДЕО)

Аналитика

«ПолитКлиника» медиасынын «Сереп» берүүсүндө "Экономикалык мунапыс: Максатына жетеби?” деген маселенин тегерегинде сөз кылабыз.

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров 21-октябрда кайрылуу жасап, жалпы журттун жүгүн көтөрүү максатында расмий түрдө өлкөдө экономикалык мунапыс жарыялаганын айтты.

Студиябызда мейманда --экономика министринин мурдагы орун басары - ЭЛДАР АБАКИРОВ.

- Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 21-октябрда бир айлык мөөнөткө экономикалык мунапыс жарыялана турганын билдирди. Сиз муну кандай комментарийлейт элеңиз?

- Коррупция аркылуу тапкан акча негизинен бул - кылмышкерлик. Буга чейин Кыргызстанда легалдаштыруу деген болгон. Экономикалык мунапыс жана легалдаштыруу бул бир эле маанини камтыйт. Ошол кезде жыйынтык ойдогудай жакшы болгон эмес. “10 % салыгын төлөйсүңөр, андан кийин кандайдыр бир оокатыңарды ачыкка чыгаргыла, декларациядан көрсөтө баштагыла” деген сөздөр жүргөн.

Экинчисинде ал түгүл 1% менен эле көрсөтсөңөр болот дегенде, азыр эсимде жок, 400 млн сомдун тегерегинде акча бюджетке түшсө керек . Ошол мыйзамда коррупцияга тиешелүү кирешелер, коррупция, баңгизаттан тапкан акчалар болушу мүмкүн, булар мунапыска кирбейт, анткени ал кылмыш кодексине кирет делген.

Кайсы бир ишкерлер көмүскөдө ишин кылып жатса, Кыргызстанда бир миллионго жакын мигрант бар, мигранттар сырттан акчасын табат, 2 млрддан 3 млрд. га чейин акча жөнөтөт. Алар Россиябы, Казакстанбы, Корея, Түркия, Америка, кайсы жерде оокат кылып жатса, ошол жерден акчасын таап, салыгын толугу менен төлөп койгон. Анан Кыргызстанда бир нерсе сатып алышкан. Демек, эмне себептен буларга мунапыс кылынышы керек? Анткен себеби булар кирешени таап, салыгы төлөнгөн.

Эгер коррупциядан табылган акча жөнүндө сөз болсо, анда башка. Бирок ал негизи эле мунапыска түшпөш керек логика боюнча.

Чынымды айтсам, экономикалык мунапыстын максатын өзүм деле толук түшүнө элекмин. Бул 30 күнгө деп жарыяланды. Биринчиден токтом өзү чыга элек. Бирок тизмеде жазылып турат, коррупция аркылуу тапкан акчалар жана ишкерлердин көмүскөдөгү акчалары да деп турат, эгер алар буга чейин салыкты толук төлөбөй келсе деген сөз.

Дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрсөк, 2001- 2002-жылдары Италияда мунапыстын жыйынтыгы өтө жакшы болгон. 61 млрд доллар мунапыс аркылуу көрсөтүлүп, 12 млрд доллар бюджетке түшкөн. Бирок бир нерсени айтыш керек, бул мунапыстын мөөнөттөрү такыр башка болчу - 10 ай, бир жыл.

Анткени көмүскөдөн акчасын чыгаруу үчүн ишкерлер да толук түшүнүш керек, эмне себептен көмүскөдөн чыгып жатат. Анткени Кыргызстанда тилекке каршы ушундай шарттар түзүлүп калган, ачык иштеп жаткан ишкерлерге басым көбүрөөк көмүскөдө иштегендерге караганда.

Ошон үчүн ачыкка чыккан ишкерлер үчүн "мен толугу менен салыгымды ачык-айкын төлөйм, мага эч ким тийишпейт" деген шарт-талаптар түзүлсө биринчиден. Экинчиден, кайсы бир ишкерлер салыкты төлөгүсү келбеши мүмкүн, андан ары салыкты төлөй албай жашай албайсың деген бир белги болуш керек, мамлекет тараптан. Ал белги кандай болушу керек? Жүзгө жүз - автоматташтыруу жана санариптештирүү.


Биз Грузияга барып келгенбиз, 2011-2012-жылдары, ал жерде сайт аркылуу ар бир адамдын оокатын көрүүгө болот, канча жери, үйү бар, кайсы даректе деп, баарынын оокаты белгилүү, кимдин эмнеси бар.

Бизде деле, Кыргызстанда белгилүү, ошол эле ГРСте, бүт маалымат бар, бирок негедир мамлекет ошол маалыматты колдонбойт. Мисалы, бизде 1-сентябрга чейин жердин, үйдүн, машинанын салыгын төлөп койгула дешет. Бирок үйлөрүнө кагаз же чөнтөк телефондоруна СМС келгенин көрө элекмин. “Мына, үйүң момундай, мынча квадрат метр, салыгың мынча сом, мынчасына чейин төлө. Төлөбөсөң мынча сом айып пул” деп. Үйүнө же чөнтөк телефонуна айып пулунун суммасы келсе, эл өзү эле төлөй баштамак. Эл автоматтык түрдө көмүскөдөн чыга баштамак.

Ушундай эле мамиле ишкерлерге деле болсо. Мына, бизде чек арадан бир канча жүк, товарлар өтөт, Кыргызстанга кирет, импорт болот. Кошумча нарк салыгы, бажы төлөмдөрү төлөнүшү керек.

Анан автоматтык түрдө чегерилип, ишкерлердин атына толугу менен эсеп кагаздары келе баштаса, ал салыктан эч качан кача албагандай бир шарт-талаптар түзүлсө, ошондо автоматтык түрдө көмүскөдөн чыга баштайт бир жагынан, экинчиден, бул мунапыс да максатына жетет.

- Экономикалык мунапыстын мөөнөтү башка өлкөлөрдө узагыраак болгон деп айттыңыз. Демек, бизде дагы мөөнөтүн карап чыгыш керекпи?

- Отуз күн бул ишкерлерге болбойт. Ишкерлерге кеминде жарым жыл-бир жыл болуш керек.

Анткени мен өйдөдө айтып кеткен нерселердин баары тез жасала турган нерселер эмес, бул бир топ убакытты талап кылат. Анан көп эле ишкер көмүскөдөн ачыкка өтөт, асмиссия деген ачыкка чыгуунун шарты. 5 % же 10 % салыкты төлөп кой, буга чейин төлөнбөгөн салыгыңдын баарына көз жумабыз, айып пул, пеня (туум) болбойт, анда бул ишкерлерге багытталган мунапыс болмок.

Менин түшүнүгүмдө, отуз күндүк амнистия бул коррупция аркылуу туура эмес жолдор менен байыгандарга багытталган. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, чоң-чоң жетекчилик орундарды ээлеп, мыйзамсыз жолдор менен байыгандарга багытталган деп түшүнүп жатам. Негизи аларга деле мунапыс колдонуу туура эмес.

- Экономикалык мунапыс жарыялоонун мыйзамдык негизи барбы?

-Эконоикалык мунапыс кандайдыр саясий акт болуп калды десек болот. Азыркы күндө менин билишимче мыйзамдык негизи жок. Токтом, мыйзам, эчтеке чыга элек. Негизи Жогорку Кеңеш аркылуу мыйзам бекитилиши.

- Мындай мүмкүнчүлүк бир эле жолу берилет деп жатпайбы..

- Отуз жылдан бери келаткан Кыргызстандын маселеси, кээ бири салыкты ачык-айкын төлөйүн дейт, төлөйүн десе, жанында турган ишкер төлөбөйт. Демек, эмне үчүн ал төлөбөйт, мен төлөйм деп, маселе болуп, көбү көмүскөгө кирип кетип жатат. Мисалы айтсак, 2015-жылга чейин Россиядан Кыргызстанга 400-500 вагон тактай темир жол аркыоуу келчү. Темир жол менен келген үчүн бул жерде маалымат ачык-айкын, так болчу, салык, баары толук төлөнчү. Биз 2015-жылга, ЕврАЗЭСке киргенден баштап, бул тактайдын баары жок болуп кетти, темир жол аркылуу келбей калды.

Биз укканыбызга караганда же Казакстандын Луговой станциясына келип, вагондордон түшүрүп, чоң-чоң жүк ташуучу фуралар менен Кыргызстанга киргизип алып жатышат. Анткени бул жерде көмүскө ар кандай схемалар бар коррупциялык, чек арадан бирөөнүн колуна акча берип, бюджетке акча төлөбөй киргизип алып жатышат.

Бир канча ишкер иштечү темир жол аркылуу, бирок кийин башка ишкерлер салыгын төлөбөй кире баштаганда, баары көмүскөгө кирип кеткенге мажбур болуп калды. Анткени же алар банкрот болмок, же көмүскө схемага кириш керек болуп калат. Мындайча айтканда атаандаштык туура эмес болуп калды.

- Сиздин оюңузча экономикалык мунапыс керекпи? Мунапыс кандай болушу керек?

- Коррупциялык, мыйзамсыз жол менен байыгандарга амнистия эмес, конфискацияга жакыныраак бир нерсе болуш керек.

"Мен силерди түрмөгө камабайм, оокатыңарды элге, бюджетке кайтарып бересиңер" деп. Бул- Грузияда болгон. “Мына, момунча оокат уурдапсыңар, ошону мамлекетке кайра кайтарып койгула мамлекеттин, элдин эсебине” деп. Ошондо коррупциялык иштер, мыйзамсыз байыгандарга каршы кадам, муну мунапыс деп деле аташ кыйын, бул конфискацияга жакыныраак нерсе.

Экинчиден, мунапыс деген Италия, Ирландиянын тажрыйбасын айтып кеттим, анда бул бир жылдык акт болушу керек. Бирок анын артынан мамлекет тараптан бир топ нерсе ишке ашырылышы керек. Бул автоматташтыруу, баары салык төлөгөнгө ачык-айкын, бирдей шарттар түзүлүшү керек. Экинчиден, мындан кийин ишеним пайда болуш керек.

Ишкерлерде өкмөттү карай, мыйзамды карай чоң ишеним пайда болуш керек. Мындан ары баарыбыз иштейбиз, баарына бирдей мамиле болот деген.

- Экономикалык мунапыста купуялуулук сакталат деп жатпайбы. Купуялуулук болгону туурабы? Же ачык болушу керекпи?

- Купуя бар жерде, караңгы бар жерде коррупция көп кездешет. Ачыктыкта коррупция жок, таза болот. Ошон үчүн алдыда мен мисал катары көрсөтүп кетпедимби, Грузияда бир адамдын оокатын ачык эле текшерип койсо болот экен. Кандайдыр бир анын аты-жөнүнө, коопсуздугуна маселе жаралбагандай, ачык-айкын шарттар түзүлгөн. Бизде ал жагынан кандай болот, билбейм.

- Эгер мүлкүн башкага жазып койгон болсо, эмнеге алар ошого барган, ошонун баары изилденип чыгышы керекпи?

- Ишкерлерге, сырттан оокат таап келген мигранттарга анан мыйзамсыз жол менен байыган адамдарга жасалган саясат такыр эки башка болушу керек. Муну аралаштырбаш керек. Аралаштырган болсо, анда бул чоң маселеге айланып кетиши мүмкүн. Ишкерлер дагы көбүрөөк көмүскөгө кирип, инвестиция азайып кетиши, бюджетке сокку болушу мүмкүн. Ошон үчүн эки нерсени аралаштырууну мен туура көрбөйм.

- Азыр чакан бизнес да мындан аркы ишине ишене албай жатат деп айтылууда. Бизнестин ишин кантип жөнгө салыш керек?

-Бул мыйзамга ишеним болуш керек. Анан ошол мыйзамды толук сактаган адамга ишеним болуш керек. Ортодо мыйзам жазылган, ошол мыйзамга баары бирдей баш иет, укук коргоо органдары да, ишкерлер дагы, бийлик дагы, эл дагы- баары бирдей баш ийип туруш керек. Ишеним бир күндө жаралбайт. Буга убакыт керек. Ошондо толук ишеним пайда болсо, анда көмүскөдөн автоматтык түрдө ишкерлер, баары эле чыгат.

- Буга чейин өлкөдө 2006, 2009-жылдары эки жолу мунапыс жарыяланган экен, ошолордун негизги кемчиликтери дагы кайсылар болгон? Эмнеге алар ишке жакшы ашпай калган?

- Баары ачык-айрым иштегенге шарт-талап түзүлгөн да эмес, анан кийин салыктан качып кетүүгө дагы мүмкүнчүлүк болбойт деген кепилдик дагы болгон эмес. Азыр мунусунда деле ал нерсе жок, кыска мөөнөттө жыйынтык болбойт деген ойдомун.

- Сиз мурда экономика министринин орун басары болуп иштеп келдиңиз эле? Ошондо кандай сабак алдыңыз?

- Инвестициялык климат жагынан айтканда, укук коргоо органдарынан, салыкчылардан, бажычылардан ишкерлерге, инвесторлорго туура эмес кылынган мамиле өтө көп экен. Ошонун аркасы менен кээ бир ишканалар жабылып, жумуш орундары жок болуп жаткан кездерди көрүп, ошого бир топ кабатыр болдук. Тилекке каршы ал жерде ошондой адамдар көп иштейт экен, Бул жерде биз люстрацияга муктаж экенбиз. Укук коргоо, бир топ органдардан 70-80 % жаңылануу керек.

- Азыркы учурда экономикада кыйынчылык болуп жатат, пандемия, ушулардын баары жаңы нерселерди ишке ашырууну талап кылып, экономикалык мунапыс ошондон улам чыкты болуш керек. Кемчиликтерине карабай, экономикалык мунапыс жолу алгылыктуу болобу же башка нерселерди сунуштайт белеңиз?

- Кризис учурунда инвестициялык климатты жакшыртыш керек. Кризиске карабай, инвестиция тартууга аракет кылыш керек. Бизде болсо тескерисинче, кандайдыр бир коркутуу болуп, 30 күндө оокатыңды көрсөтпөсөң, мунапыс кылбасаң, бул бир эле жолу болот деп жатышат. Менин оюмча, бул инвестициялык климатка негативдүү таасир алып келип жатат.

- Жаңылануу болгондо, бизде жаңы кадрлар барбы?

- Кадрлар көп, бирок жанталашкандар өтө көп болот экен негедир, бирөө баласын, бирөө жээнин жетелеп, бирөө өзү аракет кыла берет, керек болсо ал орун үчүн пара бергенге да даяр. Анткени эски ыкма менен ал жерге барып, жеп, короткон акчасын он эселеп кайра чөнтөккө салып, коррупция кылам деген адамдар кызматка жанталашат.

А өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын карасак, Сингапур, Түштүк Корея, Япония же ошол эле Грузияны карасак, ал жерде жетекчилер, ошол эле Саакашвили, Ли Куань Ю, булар сырттан күчтүү адамдарды тартканга аракет кылган, ошол эле Гарварддын, дүйнөнүн эң алдыңкы жогорку окуу жайларын бүтүп, чоң-чоң компанияларды жетектеп, эң кыйын балдар-кыздарын тартканга аракет кылган. Албетте, алар да оңою менен келген эмес,алар бир топ айлык сураган, коопсуздук, укук коргоо жагынан бир топ шарт-талаптарды коюп, акыры келип иштеп беришкен. Ошого жараша ал өлкөлөр өнүгүп, бутка туруп кетишкен. Азыр биз андай нерсени көргөн жокпуз.

- Жана айтылгандардын баарын жыйынтыктап айтканда, экономикалык мунапыс алгылыктуубу?

-Кыска мөөнөттүк мунапыс, коррупция аркылуу мыйзамсыз жол менен байыгандарга багытталгандай түшүнөм, бирок кагазда кандай чыгат мен билбейм. Ишкерлерге 30 күндүк мунапыс колдонууну туура эмес көрөм, өзгөчө азыркы кризис учурда. Бул ого бетер экономикабызды алсыздатып жибериши мүмкүн.

Айгүл Бакеева/ПолитКлиника

Cүрөт: “ПолитКлиника” медиасы.