Кыргызстанда жаратылыш газынын баасы коңшу өлкөлөрдөн жогору экени чын (Фактчекинг)

Өлкөбүздө жаратылыш газына болгон баа өсүп жатканы байкалат. Былтыр октябрь айында газ 15,2 сом турган болсо, быйыл 2 сомго жогорулаган. Ал эми Орто Азия өлкөлөрүнүн жарандары 1м3 газ үчүн канча төлөшөт?

Казакстандагы газдын баасы 2020-жылдын башынан түшө баштаган. Алматы шаарындагы көрсөткүч боюнча, газдын баасы турмуш-тиричилик үчун 1000м3 газ 21,977 тенгени түзгөн. Бул биздин сом менен кубометрине 4,14 сом болот.

Ал эми Россия Федерациясында газдын өсүүсү 3%га жогорулаган. Москва шаарында 1000куб.м. үчүн 4994 рубль төлөнөт. Биздин сом менен 1куб.м. газга 5.2сом туура келет. Буга себеп катары 2019-2020-жылдагы кыш жылуу болуп, “Газпром” компаниясы экспорттук кирешесинин жарымын жоготкондугу менен байланыштырышат.

Коңшулаш Өзбекстанда жаратылыш газына баалар өткөн жылы көтөрүлгөн. Баалардын өсүшү өлкөдөгү инфляцияга байланыштуу болгон. 1куб/м. газга 380сум туура келген. Сомго которулганда 2.96 (3сом) сомду түзөт.

Түркмөнстан газдын мекени болуп эсептелери маалым. 2017-жылга чейин түркмөн жарандары газды бекер пайдаланышкан. Акыркы өзгөртүүлөр боюнча ишкердик менен алектенбеген жана атайын лимиттен өтүп газ пайдалануу үчүн 1000куб/м газга 20 манат төлөнөт. Кыргыз сому менен 1куб/м газ 0,46 сомго барабар.

Ал эми Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь айына көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча 1м3 газ 17,2 сом турат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты