48 партия БШКга Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого катышууну билдирди (Тизме)

  • 3 года мурун

24-октябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин 48 саясий партия билдирди.

  1. Кыргызстан жашылдар партиясы
  2. Бүтүн Кыргызстан
  3. Билим Илим Ордосу
  4. Мекен Ынтымагы
  5. Ата Мекен
  6. Ыйман Нуру
  7. Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы
  8. Эл биримдиги
  9. Улут Ордо
  10. Элдик Кенеш
  11. Глас Народа
  12. Партия Патриот
  13. Актив
  14. Молодежная прогрессивная партия Кыргызстана
  15. Адилеттүү Кыргызстан
  16. Социал-демократтар
  17. Өнүгүү Кыргызстан
  18. Ордо
  19. Республика
  20. Ак Шумкар
  21. Реформа
  22. Республиканская партия Улутман
  23. ЛДП НУР
  24. Улуу Журт
  25. Бүткүл жаштар саясий партиясы
  26. Бирге-Вместе
  27. Бийлик элге
  28. Эл эрки
  29. Ак-Санат
  30. НДП Кыргызстан
  31. Ынтымак
  32. ПП Родины и созидания Ак-Шам
  33. Бир Бол
  34. Кыргызстан
  35. Тартип-Порядок
  36. Эркин Эл
  37. Жаңы Мезгил
  38. Замандаш
  39. Кыргыз улут ордосу
  40. Жаңы-Доор
  41. Улуу Кыргызстан
  42. Чоң Казат
  43. Келечек-Будущее
  44. Эркин Кыргызстан
  45. Азаттык демократиялык партиясы
  46. Эгемен Кыргызстан
  47. Народная Патриотическая партия Кыргызстана
  48. Народный контроль

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону 20 -декабрда өтөт деп белгилеген. Бирок Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга 22-октябрда кол койду.

Мыйзамга ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат.

Мыйзамды 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Административдик сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган чечимин жокко чыгарды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты