​Чек ара чыры жана аны чечүү жолдору

Кыргыз-тажик чек ара маселеси бир нече жылдан бери чечилбей келет. Эксперттер бул көйгөйдү оңунан чечүү үчүн жергиликтүү калктын талабын эске алып, аны менен компромисске баруусун, жана керек болсо буга нейтралдуу болгон үчүнчү тарапты тартуусун сунуштап келет.

«Жаңы» тирешүүлөр

Кыргызстан менен Тажикстан 970 километр аралыкта чектешет. Анын ичинде 519 километр такталып, калганы талаш-тартыш жаратып келет. Ал жер тилкелер көбүн эсе Тажикстан менен чектеш болгон Лейлек жана Баткен райондурунун жер тилкелери. Такталбаган чек арада маал-маалы менен жер, суу, жайыт жер маселери үчүн талаш-тартыш жаралып, ок атылган учурлар катталып турат.

6-августта кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кезектеги жаңжал катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирген. Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш аймагында Тажикстандан белгисиз адамдар Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерине мергенчилик мылтыктан ок чыгарган деп айтылган. Жыйынтыгында чек ара кызматкери колунан жаракат алган. Тажикстандын чек ара кызматы бул маалыматты тастыктаган жана окуя болгон жерден алыс эмес тажикстандык 65 жаштагы жаран көз жумду деп кошумчалаган.

2-июнда Баткен районунун Эки-Таш аймагында жаңжал чыгып, жыйынтыгында ок атылган. Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык куралдан 1982-жылы туулган Кыргызстан жаранына бир нече ок чыгарган деп айтылган. Жабырлануучу Ош-Исфана жолу автожолу менен кетип бараткан. Атылган октон ал жеңил жаракат алган деп маалымдалат.

24-майда Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын чек арасында жайгашкан Мойнок жайлоосунда жаңжал чыгып, ок атылган. Азаттык радиосунун тажик кызматы (Озоди) окуянын кесепетинен тажик чек арачысы жаракат алганын маалымдаган. Кыргызстан тараптан эч ким жабыркаган эмес.

Ал эми 8-майдагы окуя учурунда мергенчилик куралдар колдонулуп, минометтон ок атылган. Кыргыз тараптан үч чек арачы жаракат алган. Ошол жаңжалдан кийин Тажикстан эки жергиликтүү тургундун жаракат алгандыгын тастыктаган.

26-майда пресс-конференция учурунда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесин чечүү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

«Тилекке каршы мындай тирешүү биринчи ирет болуп аткан жок. Биз тараптарды күч колдонбой туруп, бир чечимге келүүгө үндөйбүз. Бул үчүн ортомчу болууга даярбыз жана маселе канчалык эртерээк чечилсе, тараптар үчүн ошончолук жакшы болот деп эсептейбиз», — деп билдирген министр.

Эксперттер кыргыз-тажик чек арасы эки мамлекеттин саясатындагы чыңалуунун жана саясий спекуляциялардын очогу бойдон кала берерин айтышат.

Майнапсыз сүйлөшүүлөр

Буга чейин эки тараптын өлкө башчылары бир нече ирет жолугуп, чек ара маселесин талкууласа да, маселе оңунан чыккан жок жана жаңжалдардын токтошуна алып келген эмес.

2019 –жылдын 16-сентябрында кезектеги тирешүү катталган. Тажикстандын Бободжнгафур районунда кайрадан ок атылып, жыйынтыгында үч тажик аскер кызматкери жана кыргызстандык чек арачы каза болду. Тажик тараптан 12 аскер кызматкери, аялдар жана эки бала ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Ал эми Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 13 адам жарадар болгонун кабарлаган.

Окуяга карата кыргыз тарап дароо өз позициясын билдирип, ага Баткен районуна тиешелүү Жака-Өрүк жер тилкесинде жана Лейлек районуна караштуу Максат айылындагы «Футбол талаасында» тажик тарап баштаган курулуш иштери себеп болду деп билдирген. Тажик тарап окуя тууралуу кечирээк жооп бергени менен, жаңжалга талаш жараткан жер тилкесиндеги курулуш себепкер болуп, тирешүүнүн курчуп кетишине кыргызстандыктар салымын кошту деп билдирген. Ал эми –сентябрда «Озоди» радиосу Исфара шаарынын жергиликтүү бийлигине таянып, Исфара менен Ворухтун талаш жараткан жер тилкесине кыргызстандыктардын текшерүү пунктун куруу демилгесинен тынчсызданып атканын жазып чыккан. 17-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчисине нааразычылык нотасын тапшырып, анда тажик аскер кызматкерлери биринчилерден болуп курал колдонгону жана «Максат», «Сай» чек ара бекеттерин аткылаган деп айыптаган.

Ал эми 18-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жооп катары ушундай эле нота менен Кыргызстанга кайрылып, өлкө буга чейин жетишилген келишимдерди бузду, аскер кызматкерлерин талашка тартты жана тажиктердин Бахор айылынын тургундарына ок атуучу курал колдонду деп айыптап, бул тажик аскерлерин өч алууга аргасыз кылды деп билдирген.

17 жана 18 сентябрда эки тараптын премьер-министрлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биргелешкен чек арадан аскер техникасын жана кошумча аскер күчтөрүн чыгарып кетүүгө макулдашты. Ошондой эле такталбаган аймактарда курулуш объектилерин токтотуу боюнча чечим кабыл алынды. Мындан тышкары, кыргыз тарап аскер мунарасын бузууга, ал эми тажик тарап мунараны куруудан баш тартууга милдеттенме алган.

Ошентип, премьер-министрлердин жолугушуусу ортодогу маселеге чекит койбостон, болуп өткөн жаңжалдын мындан ары ырабашына гана өбөлгө түзгөн. Жогорку деңгээлде өткөн мамлекет башчыларынын да буга чейинки жолугушуулары мындан аркы тирешүүлөрдү алдын алууга кепилдик бере алган эмес.

Кризистен чыгуу жолдору

Эки тараптын сүйлөшүүлөрү оңунан чыкпаган соң, айрым эксперттер маселени эл аралык деңгээлде алып чыгуу менен чечүү демилгесин көтөрүүдө.

Парвиз Мулложановдун айтымында эл ичинде бир тарапты канаатандырган шартка экинчи тарап көнбөйт. Дал ошол себептен улам бийликтин сап башында турган адамдар канчалык жакшы сүйлөшпөсүн, оңунан жыйынтык бербейт. “Бул бийлик тараптан эле көз каранды болсо, эки өлкө башчы эчак эле маселени чечип коймок”, — дейт ал. Мулложановдун айтымында чек ара маселесин эксперттерди, изилдөөчүлөрдү жана жарандык коомду тартуу менен чечүү керек.

Ал эми саясат таануучу Медеткан Шеримкулов тезинен демаркация, андан соң Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялап, чек араларды таануу жөнүндө келишимге кол коюу керектигин айтат. “Анан кол алышып, чек ара жаңжалдары жөнүндө унутушубуз керек», — дейт Шеримкулов. «Кытай жана Казакстан менен болгон чек ара маселелеринде кандай гана түшүнбөстүктөр болбосун, Кыргызстан аларды чече алды. Ар кайсы мезгилде түзүлгөн ар кандай карталарды тактап, салыштыруу керек», — деп кошумчалады ал.

Түп-тамырынан бери карама-каршы келген эки мамлекеттеги коомдук пикирге таянуу менен маселе чечилеби же жабык эшик артында чечилеби, алдын ала айтуу кыйын.

Эксперттер бийлик чек ара кризисин өз алдынча же үчүнчү жактын жардамы менен чечиши керек деп бир ооздон айтып жатышат. Болбосо, кризистин кесепети мындан да ири болуп калышы толук ыктымал деп айтылууда.

Асель Сооронбаева

Сүрөт: Кактус медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты