​БШК Жогорку Кеңешке кайра шайлоого партиялардан билдирүү кабыл алууну улантууда

  • 4 года мурун

Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдиришкен 25 саясий партиядан билдирме келип түштү.

Бул тууралуу БШК расмий сайтында жазылды.

25 партия БШКга Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирди

  1. Кыргызстан жашылдар партиясы
  2. Бүтүн Кыргызстан
  3. Билим Илим Ордосу
  4. Мекен Ынтымагы
  5. Ата Мекен
  6. Ыйман Нуру
  7. Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы
  8. Эл биримдиги
  9. Улут Ордо
  10. Элдик Кенеш
  11. Глас Народа
  12. Партия Патриот
  13. Актив
  14. Молодежная прогрессивная партия Кыргызстана
  15. Адилеттүү Кыргызстан
  16. Социал-демократтар
  17. Өнүгүү Кыргызстан
  18. Ордо
  19. Республика
  20. Ак Шумкар
  21. Реформа
  22. Республиканская партия Улутман
  23. ЛДП НУР
  24. Улуу Журт
  25. Бүткүл жаштар саясий партиясы

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону 20 -декабрда өтөт деп белгилеген. Бирок

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга 22-октябрда кол койду.

Мыйзамга ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат.

Мыйзамды 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты