Каныбек Иманалиев: Жогорку Кеңешке кайра шайлоону жылдырууга каршымын

  • 3 года мурун

Депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңешке кайра шайлоону жылдырууга каршы экенин билдирди:

-Мен Жогорку Кенештин депутаттарынын шайлоосун 2021-жылдын июнь айына жылдырууга каршымын.

Биринчиден, Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык гана мөөнөткө шайлана турганы Конституциянын 70-беренесинде так жазылган.

Экинчиден, БШК тарабынан шайлоо күнү жарыяланган. Мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын конституциялык реформа жасоо үчүн моралдык укугу да, убакыт да жок.

Конституциялык реформаны Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышы жасашы керек, -деди депутат.

Депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттик шайлоону токтото туруу, Конституциялык реформа жасоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Мыйзам долбоору биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Парламенттик кайра шайлоону БШК 20-декабрга белгилеген.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты