Жогорку Кеңештин жыйынын ачууга кворум болбой жатат

  • 3 года мурун

Бүгүн, 22-октябрда, мамлекеттик «Ала — Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин чукул жыйыны саат 14:00дө өтөрү кабарланган. Бирок дээрлик үч саатка чейин убакыттан бери кворум болбой, жыйын ачылбай жатат.

Залда алгачкы сааттарда 70тей депутат чогулса, азыркы учурда 30 дай депутат отурат. Кворум болуш үчүн 80 депутат чогулушу керек болчу.

Бүгүн шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү долбоору каралмак, ошондой эле Талант Мамытов баш болгон депутаттар сунуштай турган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорлору карала турганы кабарланган.
Талант Мамытов парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу да сунушталып жатканын билдирген.

Парламенттик кайра шайлоо БШК 20-декабрга белгилеген.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты