​Орусияда мигранттардын аздыгынан жумуш күчү тартыш болууда

  • 3 года мурун

Орусияда мигранттарды жалдаган компаниялардын болжол менен 40 пайызы жумуш күчүнө муктаж болууда.

«Ведомости» басылмасы Стратегиялык иликтөөлөр борборунун баяндамасына таянуу менен билдиргендей, өзгөчө курьерлер жана такси айдоочулары жетишпей жатат.

Сурамжылоо учурунда жумуш берүүчүлөрдүн 40% мигранттарды жалдоодо маянадан үнөмдөөнү артыкчылык катары көрсөтүшкөн. Дагы 45% алар орусиялыктарга караганда жакшы иштерин, 19% мигранттар жумуштан сейрек бошонушарын белгилешкен.

Компаниялар менталитеттеги айырмачылык жана тил барьерин минус катары эсептешет. Бирок мигранттарды ишке орноштуруудагы бюрократиялык кыйынчылыктар эң эле чоң тоскоолдук катары саналган.

Иш берүүчүлөрдүн дагы 27% мигранттардын жашаган жери жана транспорту үчүн кеткен чыгымдарын төлөшөрүн белгилешип, муну да кемчилик катары көрсөтүшкөн.

Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, пандемиядан улам мигранттар өз өлкөлөрүнө кеткенине байланыштуу компаниялардын 15% жаңы кардарларды ыкчам түрдө тандоодо кыйынчылыктарга туш болушат.

Буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин шаарда эмгек мигранттары 40% азайганын билдирген. Ал баш калаанын тазалык кызматында убактылуу иштеген жумушчулардын жетишсиздигинен улам кышка кам көрүү үчүн аймактардан жумушчу күчтөр тартылып жатканын айткан.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты