ИИМ БШК мүчөлөрү суракка күбө катары чакырылганын билдирди

  • 3 года мурун

Ички иштер министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясында болгон окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Анда ИИМдин тергөө кызматы 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрү Бишкек шаарында болгон массалык баш аламандык фактысы боюнча жазык кодексинин 264-беренеси менен кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жаткандыгын кабарлады.
ИИМдин криминалдык милиция кызматына 5-октябрда болгон окуянын жагдайларын аныктоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүн күбө катары суракка алууну кабарлоо тапшырмасы берилгендигин билдирди.

Бүгүн, 21-октябрда, Жогорку Кеңеште да бул маселе боюнча ИИМ өкүлү маалымат берүүгө чакырылды.

Депутат Каныбек Иманалиев ИИМдин БШКга болгон иш-аракеттерине эртең мененкиге чейин саясий баа берилип, эгер мыйзам бузуулар аныкталса, иш баш прокурорго өткөрүлүп берилиш керектигин айтты.

ИИМ орун басары 8-октябрда башкы прокуратура тарабынан БШКнын бардык мүчөлөрүнө «Шалаакылык» беренеси менен фактынын негизинде иш козголгонун, ИИМ ишти тергөөгө киришкенин билдирди.

Ал эми депутат Дастан Бекешев шалаакылыкты ким кылганын, БШК өзү фактыларды прокуратурага, ИИМге фактыларды берсе, алар реакция кылгбаганын белгиледи.

Буга чейин БШК кеңсесине ИИМ кызматкерлери келип, процессуалдык укуксуз эле суракка алып кеткени жатканын БШКнын басма сөз кызматы кабарлаган.

Бүгүн, 21-октябрда, БШК парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү чечимин кабыл алган.

Сүрөт: БШК кеңсесинде. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты