​БШКнын мүчөлөрү массалык башаламандыкка шектелүүдө

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы ИИМдин кызматкерлери келип, суракка алып кеткени жатканын билдирген.

Бүгүн, 21-октябрда, БШК чукул жыйын өткөрдү. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова:

-Биз жооп берүүгө даярбыз. ИИМдин кызматкерлери бизди 5-октябрдагы массалык башаламандыкка катыштыгы бар деген шектенүү менен суракка алып кеткени жатканын айтты, — деп билдирди.

Мыйзамга ылайык шайлоо өткөнгө чейин БШКнын курамы өзгөрбөй турганы кошумчаланды.

Бүгүн, 21-октябрда БШК парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү чечимин кабыл алган.

Сүрөт:»ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты