​Жанар Акаев: “120 депутаттын керек экенин кечээ түшүндүк” (Видео)

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында күн тартибин бекитүү, анын ичинде, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү маселеси талаш жаратты.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев референдум тууралуу маселени атайы экперттик уюм менен кеңешип, талдоо керек экенин сунуштады.

Конституция лидерге, башкаруучуларга иштебей, тескерисинче башчылар Конституцияга, мыйзамга баш ийип иштеши керек. Көп башчыларыбыз мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул саясий кризистен кутула албай келебиз”, — дейт депутат.

Кечээки окуяларда 120 депутаттын керек экенин түшүндүк. Аз сандагы депутаттарды сатып алуу оңой экендигин айтты.

Ошондой эле Жанар Акаев босого пайызын азайтууга макул экенин билдирди.

Босого баллды 3 пайызга түшүрбөсөк, кайра эле бийликтин 3 партиясы келип, эл кайра көтөрүлүшү мүмкүн”, — деп кошумчалады ал.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты