Курманкул Зулушев Башкы прокурорлукка сунушталууда

  • 3 года мурун

Премьер-министр Садыр Жапаров Курманкул Зулушевди Башкы прокурордун кызмат ордуна талапкер катары сунуштады.

Бул тууралуу депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин “Ала-Арча” резиденциясындагы жыйындар залында журналисттерге билдирди.

«Башкы прокурордун кызматтан кетишинин себебин билбейм. Президент Садыр Жапаров анын ордуна Курманкул Зулушевди сунуштады. Бул маселени бүгүн карайбыз», — деди Талант Мамытов.

Буга чейин башкы прокурордун ордуна Талант Мамытов өзү келиши мүмкүн экени айтылган.

Депутат бул боюнча төмөнкүлөргө токтолду: «Менин андай пландарым жок. Мен эч кандай кызматты ээлегим келбейт. Мыйзам чыгаруу жаатында иш көп », — деди Талант Мамытов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты