Коронавирустун 549 учуру аныкталды. 5 киши каза тапты
- 4 года мурун
21-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 549 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 125;
Ош — 37;
Чүй облусу – 53;
Ош облусу — 82;
Талас облусу — 10;
Нарын облусу — 4;
Ысык-Көл облусу – 24;
Жалал-Абад облусу – 117;
Баткен облусу — 97.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 53 459 кишиге жетти.
Өткөн суткада коронавирустан 305 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 46 44 кишиге жетти.
5 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны -1118ге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин.
Муну бөлүшүү