​Шайлдабекова: Парламенттик шайлоонун датасы 2 күндүн ичинде белгилениши керек

  • 3 года мурун

Бүгүн, 20-октябрь күнү Коомдук көзөмөл комитети “Өлкөнүн туруктуулугунун негизги шарты чынчыл жана адилетүү шайлоо” аталышындагы саясий партиялар жана жарандык коомчулук арасында Коомдук диалог уюштурду. Ага Борбордук Шайлоо Комитетинин төрайымы Нуржан Шайлдабекова да катышып, кайрадан өткөрүлө турган шайлоо тууралуу маалымат берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө чечим кабыл алганбыз.Эми алдыда конституциялык мыйзамдын негизинде парламентти кайра шайлоо жана президенттик шайлоону өткөрүү иши турат. 7-октябрда кабыл алынган чечим менен биз өзүбүздүн сунуштарыбызды парламентке жана укук коргоо органдарына жибергенбиз. Ал жерде коомдук талкууга алынып жаткан мыйзам долбоорлору, шайлоо күрөөсү, шайлоо барьерин төмөндөтүү жана форма 2 боюнча маселелерди ортого койдук.

Бул сунушка ылайык, областтардын ичиндеги форма 2 менен адрестеги алмашууларды токтотуу, ошондой эле 30 күн калганда шайлоого арыздарды кабыл албоо керектигин белгилеп жатабыз. Анткени талакерлер каттоодон өткөндөн кийин форма 2 менен шайлоочулардын добушун сатып алууга мүмкүнчүлүк алышып, коррупциялык көрүнүштө уланып жатат”, — деп билдирди ал.

Ошондой эле Шайлдабекова Конституция боюнча парламенттик шайлоону 2 айдын ичинде өткөрүлүшү керектигин белгилеп Парламенттик шайлоонун убактысы 2 үндүн ичинде тактап айтканда 23-октябрда белгилүү болуш керек экендигин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты