Коронавирус 384 кишиден аныкталды

  • 3 года мурун

20-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 384 учуру катталды. Эки киши каза тапты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 42;
Ош — 67;
Чүй облусу – 27;
Ош облусу — 52;
Талас облусу — 6;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 57;
Баткен облусу — 118.

Бир сутка ичинде 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 7 кызматкер ооруканадан айыгып чыкты, үй карантининенк 11 кызматкер чыгарылды.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3545 кишиге жетти. Алардын арасынан жалпысынан 3184 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 52 910 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 276 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 46139га жетти.

2 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны -1113 (Расмий такталып чыккандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты