​Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сүйүнбек Касмамбетов 1960-жылы 8-апрелде Нарын шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин бүтүрүүчүсү. Окууну аяктагандан кийин университетте окутуучулук кызматты аркалаган.

2009-жылга чейин Жогорку Кеңештин түзүмдөрүндө ар кандай кызматтарда иштеген.

Буга чейин Садыр Жапаров кадрларды жаңыртуу жана мамлекеттик кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында гана кызматка дайындаларын айткан.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Алмаз Кененбаев кызматынан бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты