Экс-президент Жээнбековго жеңилдиктер (Карточкалар)

Сооронбай Жээнбеков экс-президент катары кандай жеңилдиктерге ээ болот?

«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алган. Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылдын
3-октябрында «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» мыйзамынын
12-беренесинин Конституцияга шайкеш келээри жѳнүндѳ ишти карап чыккан.

Талашка түшкөн ченем Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө экс-президентти Президент учурунда жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган даражада карама-каршы келет деген чечим чыгарган.

Мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнн демилгечилеринин бири Исхак Масалиевдин каршы болгону Курманкул Зулушев экөө экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-беренени алып салууну сунуштаган.

Алардын айтымына караганда, “КР Президентинин ишмердигинин
кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоорунун 12-беренеси замандын талабына жооп
бербейт. Ал эми өзгөртүүлөрдөн кийин алып салынсын деген берене
алынбай, кайра күчөтүлүп берилип калган. Ошондуктан Исхак Масалиев ал мыйзам долбооруна каршы добуш берген.

Мыйзамдагы ошол талашка түшкөн 12-беренеде экс-президенттин кол тийбестиги мындай:

-Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул беренеде белгиленген чектерде кол тийбестикке ээ. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышы, ошондой эле буга байланыштуу кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же болбосо жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестиги ал ээлеген турак жана кызматтык жайларга, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивдерге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына жайылтылат. Экс-президенттин жеңилдиктери тууралуу — төмөнкү карточкаларда.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты