Садыр Жапаров: “Бир мандаттуу системаны мен азырынча туура эмес көрдүм”

  • 4 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бир мандаттуу партиялык системаны азырынча туура эмес көргөнүн Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-октябрдагы, жыйынында билдирди.

«Президенттик шайлоо күнүн аркы жумада белгилейбиз. 10-январдан ары өтпөшү керек экен, анткени 90 күн ичинде болууга тийиш.

Парламенттик шайлоо боюнча: бир мандаттуу дегенди азырынча мен туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча партиялык система менен өтүшү керек экен. Эгерде антип өткөрбөй, конституциялык реформага барабыз десек, анда мыйзам чегинен четтеп кетчүдөй экенбиз.

Үч пайызга түшүрөлү деген сунуш болуп жатат, аны өзүңүздөр чечиңиздер, бирок үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат, беш пайызга түшүрсө болот го. Беш миллиондук күрөөнү бир миллионго түшүрсөңүздөр. 120 деген санды 70 же 90го түшүрүп, ушул парламенттик шайлоо менен келип, андан кийин гана конституциялык реформага барсак туура болот экен» деди Садыр Жапаров.

Буга чейин Садыр Жапаров Конституцияны өзгөртүү, мажоритардык системаны алып келүү тууралуу оюн билдирген.

Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасы эске алынды, Президенттин милдетин аткаруу премьер-министр Садыр Жапаровго ыйгарылды.

КР Конституциясынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Бирок, Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетип аткаруудан баш тартты.

Сүрөт: «ПолитКлиника!

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты