БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону парламент дайындай тургандыгын билдирди

  • 3 года мурун

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоону консультация аркылуу Жогорку Кеңеш дайындай тургандыгын, бирок Президенттин милдетин убактылуу аткарган адам Конституциялык мыйзамга ылайык президенттик шайлоого катыша албай тургандыгын айтат.

“Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш дайындайт. Буга мыйзамда чектөө жок. Бирок, консультациянын негизинде чечилиши керек. Анткени, кайра парламенттик шайлоо БШК тарабынан дайындалып, эки айдын ичинде өткөрүлүшү керек. Президенттик шайлоо үч айдын ичинде өткөрүлүшү керек», — дейт ал.

5-6-октябрдагы окуялардан бери өлкөнү мыйзам талаасына кайтаруу боюнча орток пикир табылбай, саясий кризис орун алды. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген.

10-октябрда легитимдүү орган саналган Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткени кабарланган.

14-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынында Садыр Жапаров баш болгон өкмөттүн курамы бекитилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты