​Текебаев: Бир адамдын колуна эбегейсиз бийлик топтолуп турат. Конституцияны сактайм деп ант бересиз

Бүгүн, 16-октябрда, Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөдү.

-Кыргызстандыктарга кайрылгым келет. Сооронбай Жээнбековду кордогонго жол бербейли. Ал өз ишине тарых алдында, мыйзам алдында жооп берет, -деди Текебаев.

-Мыйзам боюнча Президент өз ыктыяры менен отставкага кеткени тууралуу арызы Жогорку Кеңеште жарыялангандан кийин Жогорку Кеңеш аны эске алгандыгы тууралуу токтом кабыл алат. Ошондон баштап анын ыйгарым укугу Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Эгер төрага тигил же бул себептен улам милдетин аткара албаса, анын расмий билдирүүсүнөн кийин ал ыйгарым укук республиканын премьер-министрине өтөт.

Мындай прецендент, мындай учур Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Бир адамдын колуна эбегейсиз бийлик топтолуп олтурат. Президенттик, өкмөттүк, керек болсо парламенттик бийлик топтолуп турат. Анткени парламенттин бир буту бүгүн тарыхта турат.

Сиздерде формалдуу эле бийлик эмес, элдин ишеними, чоң үмүтү — сизде. Бул -эбегейсиз бийлик. Бирок мен сиздин абалыңызга суктанбайм. Тескерисинче аяйм. Анткени эл чоң максаттарды коюп, алардын тез жана толук аткарылышын күтүп жатат. Ал эл керемет күтүп жатат. Аны аткарыш да ошончо кыйын.

Андан ары Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаровду колдоого чакырды.

-Жүз күндө көп иштерди бүтүрүп, баштап койсо болот — деди Текебаев.

Андан ары Өмүрбек Текебаев шайлоо системасындагы мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу айтты:

-Шайлоо күрөөсүн азайтып, шайлоо босогосун 3 %га түшүрүүү керек. Бул жаш, жаңы, карапайым саясий күчтөрдүн парламентке келүүсүнө жол ачат. Алар көчөдө ушуну талап кылышты,- деди ал.

-Бүгүн Президент да, парламент да, туруктуу өкмөт да жок. Биз убактылуу өкмөт менен жашап турабыз. Кезексиз парламенттик шайлоону үч айдын ичинде, кезексиз президенттик шайлоону үч айдын ичинде, парламенттик шайлоолорду 60 күн ичинде өткөрүү зарыл. Мен эки шайлоону бириктирип, бир күндө өткөрүүнү сунуштаар элем. Буга мыйзам жол берет, -деди Текебаев.

-Мамлекет башчынын милдетин аткарган киши президенттик шайлоого катыша албайт. -деди депутат.

Ошондой эле Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаровду Конституцияны сактоого чакырды.

-Жакында сиз Конституцияга колуңузду коюп, ант бересиз. Конституцияны. Кыргызстандын мыйзамдарын так сактайм деп. Болуп көрбөгөн прецендент. Шайлоонун өзүнүн мөөнөтү, тартиби Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө болушу керек, -деди Өмүрбек Текебаев.

Бүгүн, 16-октябрда, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп жатат. Анда Сооронбай Жээнбековдун отставкасы кабыл алынды.

Премьер-министр Садыр Жапаров Президенттин милдетин аткаруучу болуп калды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты