​Алтынбек Сулайманов: “Жаштардын Парламентке келүүсүнө шарт түзүп берели”

  • 4 года мурун

Депутат Алтынбек Сулайманов шайлоодо кетирген кемчиликтерди оңдоп, жаш саясатчылардын парламентке келүүсүнө шарт түзүп берүүнү депутаттарга сунуштады.

“Биз, шайлоо босогосун 3%га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүүнү жана Форма-2ни жокко чыгарууну сунуш кылган өзгөртүүлөрдү мыйзам долбооруна сунуштап жатабыз. Ушуну киргизип берели. Болгону ушул нерселерди эле алып салалы. Колунан келсе жаш партиялар парламентке келишсин”.

Бул Кыргызстандагы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу кетирген катачылыктарды оңдоп, жаңы, жаш саясатчылардын парламентке келүүсүнө шарт түзөрүн Алтынбек Сулайманов айтып жатат.

Бирок, бул сунушту депутаттардын көпчүлүгү колдобой, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйындар залынан чыгып кетишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты