​Иса Өмүркулов: “Кадрларга аяр мамиле жасап, билимдүү адистерди сактап калыш керек”

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов Президент Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан кеткендигин баса белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

“Бийликтин эң бийик бутагында турган кишинин өз ыктыяры менен арыз жазып кетиши, бул – биздин тарыхта биринчи жолу болуп атат. Мунун, биздин кийинки муундарга чоң таалим-тарбиясы болот деп ойлойм”.

Ошондой эле, эми жоопкерчилик кийинки бийликте экендигин айтып, Өкмөттүн жаңы курамы болгон күчтү ишке жумшап, бийликти үзгүлтүксүз колго алып иштеп кетүүсүн эскертти.

“Кадрларга аяр мамиле жасап, билимдүү адистерди сактап калыш керек. Аларда күнөө жок. Ал эми кимде-ким мамлекеттин казынасына кол сала турган болсо, алар мыйзам чегинде жооп бериши керек”.

Эске салсак, КРнын Конституциясынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат.

Бирок, Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетип аткаруудан баш тартты.
Мындан улам, мыйзам боюнча Президенттин милдетин премьер-министр Садыр Жапаров аткарат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты