Жогорку Кеңеш Президенттин отставкага кетүү маселесин карайт

  • 3 года мурун

Бүгүн, 16-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңеш кезексиз жыйында Президенттин отставкага кетүү тууралуу арызын карайт. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарууга талапкерлерди кароо, ошондой эле Өмүрбек Текебаевди мандатынын кайра кайтарылып берилишине байланыштуу ант берүүсү да күн тартибинде.

Кечээ, 15-октябрда, Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткендигин жарыялаган.

Билдирүүдө Президент Сооронбай Жээнбеков: «Мен үчүн өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы кызмат ордунан бийик. Ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат», — деп белгиленет.

Конституцияга ылайык, жаңы Президент шайланганга чейин анын милдетин Жогорку Кенештин спикери, ал болбосо Өкмөт башчысы аткарат. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинде көрсөтүлгөн.

Канат Исаев 13-октябрда Жогорку Кеңештин төрагамсы болуп шайланган.Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын спикери Президенттин милдетин аткаруудан баш тарткандыгы маалымдалган.

Кечээ, 15-октябрда, премьер-министр Садыр Жапаров Бишкекте Эски аянтта чогулган тарапташтарына Президенттин милдетин аткаруучу болгонун жарыялады.

5-6-октябрдагы окуялардан бери өлкөнү мыйзам талаасына кайтаруу боюнча орток пикир табылбай, саясий кризис орун алды. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген.

10-октябрда легитимдүү орган саналган Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткени кабарланган. 14-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынында Садыр Жапаров баш болгон өкмөттүн курамы бекитилди.

Сооронбай Жээнбеков бул добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча парламенттин токтомун кайра кайтарып берген.

Сүрөт: «ПолитКлиника» 16-октябрь, 2020. Жыйын алдында.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты