Кулов: Мыйзам боюнча Президент өзгөчө абал учурунда отставкага кете албайт

Президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абал учурунда отставкага кете албай тургандыгын саясий ишмер Феликс Кулов мыйзамга шилтеме берүү менен билдирди. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков анын отставкасы карала турган Жогорку Кеңеш жыйынына катышышы керек экенин, парламенттик жана президенттик шайлоо тууралуу пикирин кошумчалады.

Өзгөчө абал тууралуу мыйзамдын 23-беренесинде:

“Өзгөчө абал учурунда конституциядык мыйзамды кабыл алууга,мамлекеттик чек араны өзгөртүү боюнча мыйзамды кабыл алууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө, референдум жана мамлекеттик органдарга щайлоо өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Конституциясы бекиткен мамлекеттик органдардын структурасына, функцияларына жана полномочиелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

Бул полномочиелерди Президенттен спикерге же премьер-министрге өткөрүп берүүгө тыюу салынат. Бизде өзгөчө абал режими 2020-жылдын 19-октябрына чейин. Демек,19-октябрга чейин Президент формалдуу болсо да өз милдеттерин аткарууга тийиш. Бул — биринчиден.

Президент Жогорку Кеңеш жыйынына жеке өзү катышышы керек

Экинчиден, ГКЧПдан кийин СССРдин Президенти Горбачев өз полномочиесин өткөрүп берүү боюнча арыз жазган, бирок аны эч ким көргөн эмес. Бизде да ошондой болбошу үчүнКонституциянын эски редакциясында Президент кызматынан кетип жатканда, арыз гана жазып бербестен, парламент жыйынына сөзсүз келиши керек деп жазылган.

Жаңы Конституцияда муну алып салышты. Бирок Президенттин арызындагы өзү кетпесе кан төгүлүшү мүмкүн экендиги, баарыбызды селт эттирип гана тим болбостон, коркутуп койду. Ал тургай дүрбөлөң балдарга чейин жетти.

Ошондуктан Жогорку Кеңеш тезинен чогулуп, Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн катышуусунда, Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин, баш прокурордун, Жогорку соттун төрагасынын, Конституциялык палатанын төрагасынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысынын катышуусунда мындай чечимге келишинин себебин карашы керек.

Башкы максат-ким кан төгүүгө себеп болушу мүмкүн, эмнеге биздин ИИМ, УКМК “бул коркунучтуу” күчтөргө каршы тура албаганын аныктоо.

Бул маанилүү нерсени көңүл буруусуз калтырбаш керек. Мунун артында ким жана эмне турары териштирилиши керек.

Депутаттардын ордунда болсом, мен Президентке узакка отпускага кетип, арызын 2020-жылдын 31-декабрында жазууну сунуштамакмын. Анда шайлоону марттын аягына белгилемекмин, бул ойлонулган жана жооптуу кадам болмокчу.

Президенттин кан төгүлүшү мүмкүн экендиги тууралуу айткандары прокуратура тарабынан катталып, тез арада иликтенип, жыйынтыгы элге жарыяланышы керек.

Митингчилердин парламентти таркатуу тууралуу талабын мурда чын дилимден колдомокмун, азыр анын мыйзамдуу негизи жок.

Айрым депутаттардын парламенттин мөөнөтү бүтүп калгандыгынан легитимдүү болбой калат деп билдиргени, бул туура эмес.

Конституциянын 71-беренесине ылайык, “ Жогорку Кеңештин биринчи жыйынынан баштап, Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын жаңы курамы шайланмайын, полномочиеси аяктабайт. Башкача айтканда, жаңы курам шайланмайынча, азыркы курам бул кыйын күндөрдө үч эселеп иштеши керек.

Айрым депутаттар менен сүйлөшкөндөн кийиналарды акыл-эске, патриоттуулукка жана жоопкерчиликке чакыруу пайдасыз экенин түшүндүм.

Шайлоо тууралуу

Өкмөттүн ичинен бирөө бир айдын ичинде парламентке кантип шайлоо өткөрүү тууралуу жооп бере алабы, шайлоо декабрдын аягына барса, жаңы жыл алдында жана үч айдан кийин Президентти шайлоо болсо. Бул оор экономикалык кризис, пандемия, кыйроолор жана стабилдүү эмес учурга туш келсе. Булардын баары эмнеге алып келет? Кыргыз демократиясынын жаңы салтанатынабы же охлократиягабы?

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты