Рита Карасартова: “Конституцияны өзгөртөм, мажоритардык системаны алып келем, президенттик республика болом деген бул артка кетүү”

Аналитика

Учурдагы саясий кырдаал жана алдыдагы кадамдар тууралуу жарандык активист Рита Карасартова - “ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” программасында мейманда болду.


-Жогорку Кеңеште премьер-министр жана өкмөттүн курамы бекитилди, андан мурда ЖК спикери шайланды. Бул Кыргызстандын тынчтыгы, бейпилдиги үчүн бардык күчтөр биригип жатат дегенди билдиреби?

-Позитивдүү, согушу жок, алдыга жылуу керек болуп жаткан. Көп нерселерди мыйзам чегине кайтаруу маселеси да чыкты. Анткени ар бир революцияда мыйзамдык чектен чыгып кетүү болот, ошон үчүн кайра мыйзамдык жолго түшүү керек болду.

-Жаңы өкмөттүн курамы менен таанышып чыктыңызбы?

-Таанышып чыктым. 15-20%ы жаңыланыптыр.Кандай десем... купулума көп деле толгон жок. Анткени үчүнчү революцияны жаштар жаңылануу деп башташкан. Эмне үчүн, прогрессивдүү, жакшы идеялар талкууланбайт, эмне үчүн биз жолду талкуулабайбыз? Кээ бир адамдардын атын айтып алып, көчөгө чыгып жатышат. А бирок жолду талкуулаганды көргөн жокпуз. Күч менен даңазалоо болуп жатат, “момундай болот, бүттү” деп

Премьер-министр үчүнчү жолу шайланып жатпайбы, 1-2-жолкусун көп кишилер тааныган эмес, биздин партия да тааныган эмес, себеби мыйзам, ченем кворум деген маселе бар. Мыйзам чегинде өткөрүштү, мыйзам чегинде болсо, тааныганга мажбур болушат.

-Биз эми мыйзамдуу нукка түштүк деп айта алабызбы?

-Мыйзамдуу жолго түшүп бара жатабыз. Бирок ар бир кишинин, бийликтин өзүнүн табияты ошондой окшойт, бийликке жеткенден кийин дагы бийликти басып алууга, ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө шаша беришет. Жаңы дайындалган премьер-министрдин тарапташтары Президент үч күндүн ичинде кетем деген деп кайра кысым жасап жатышат. Өзүнүн алып келген кишисин бекитип алганда деле кайра кысым жасай баштады.

Менин жеке оюмда, жеке оюм деп айтып коеюн, анткени партия ичинде бул маселени талкуулаган эмеспиз, Президенттин бүгүнкү күндө аткаруу бийлигине кандайдыр бир тең салмактуулукту кармап турганга орду керек.

Ооба, бир нерсени туура жасаган, бир нерсени туура эмес жасаган, жаштар качан өзгөрүлөбүз деп көтөрүлгөн. Парламенттин мөөнөтү бүтүп бара жатат, аткаруу бийлиги жаңы коюлду, элдин талабы менен деп коелук. Анан президент легитимдүү болуп, жок дегенде парламент кайра шайланып келип, ордуна отуруп, мыйзамдуулук болуп, дагы бир бийлик бутагы олтурду дегенге чейин Президент туруп турса, тең салмактуулукту кармап турган фактор болот деп ойлойм.

Жээнбеков Россиянын президенттик администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту эле. Ушул окуялардан кийинки кырдаалды жөнгө салууга Россиянын таасири болушуш мүмкүнбү?

-Биз 30 жыл болду, өз алдынча эгемен, эркин өлкө болгонубузга. Эгемендүүлүктө өскөн жаштар “эмне эле тигил жакты карайсыңар” деген маселени көтөрүп келишет.

Бирок экономикалык жактан дагы. саясий жактан дагы, алардын саясатчылардын негизи мамлекеттик саясаты туруктуу, профессионалдарга таянгандарына байланыштуу бир дагы мурунку Совет доорундагы мамлекеттерди өз алдынча кете бер деп чыгарып жибергенге кызыкдар эмес.

Кыргызстан кичине мамлекет болгондон кийин азыркы президенттен мурункусугаз инфраструктурасын бир долларга тарттырып ийип, дагы бир топ маселелер чечилип, биз экономикалык жактан да абдан көз карандыбыз. Ошон үчүн өзүбүзчө саясат жүргүзөбүз, силер бизге такыр кийлигишпегиле деген күнү алар экономика жагын бурап койсо, газсыз отурабызбы же бензинибиз кымбаттап кетеби, тигил-бул деп элибиз кайра көтөрүлүп чыгат да. Ошон үчүн ар бир бийлик түшүнөт, өз алдынча көз карандысыз деш үчүн акчаны жакшы табышыбыз керек, мамлекетибиз бай болушу керек, карыздарыбыздан кутулушубуз керек, ошондо өзүбүздүн саясатыбызды өзүбүз жүргүзөбүз.

“Парламентке кайра шайлоо болушу керек”

- Парламентке кайра шайлоо жакын арада жарыяланат деп эсептейсизби?

-Болуш керек деп ойлойм, себеби кайра шайлоону өткөрбөй койсо, анда азыркы премьер-министрликке келген киши бул саясий төңкөрүштү Ак үйдү алуу менен эле эмес, элди көчөгө чыгарып туруп алды дегенге барабар. Анткени Конституция боюнча бизде парламенттик мамлекет, парламенттик партиялык тизме менен келет деп баары так жазылган.

“Жок, ал болбойт, мындай кылабыз” дегенди эмненин негизинде айтып жатат, ошон үчүн азыр шайлоо болсо, элдин баарын чогултуп, кийинки кадам кандай болуш керек, эмне кылсак болот деп, бүгүнкү системанын жаман жактарын алып салып, жакшы жакка бурулат. Жок, анда көчөдөгү эл талап кылып жатпайбы деп баштаса, анда дагы башка топ чыгышы мүмкүн.

- Шайлоо босогосун түшүрүү, күрөө суммасын азайтуу тууралуу сөз болуп жатат, форма-2 - мына ушул маселелер парламентке жакын арада коюлуп, каралышы керекпи?

--Сөзсүз. Себеби 5-октябрдагы окуя эмнеден чыкты? Өтө турган чекит, босого аябай бийик болгон үчүн жаштардан эч ким келе алган жок. Жаштарды айтпай эле коелу,шайлоолордон утулбай жүргөн “Республика”, канча жылдан бери келе жаткан “Ата Мекен” кирбей калды, а биздикиндей болгон жаш партияларды унчукпай эле коелу. Бийлик, акча, дагы бир жолу акча, үч партия эле өтүп калды. Ошол үчүн күрөштүк беле? Анда бийликтин баары булардын, акчалуу, коррупционерлердин колунда жүрө береби деген маселе туулду.

Ошон үчүн башкалардын тарапташтарынын баары “жок, биз өзүбүздүн добушубузду коргоп алабыз” деген. 16 партиянын он үчүнүн аркасында миллиондон ашык шайлоочу калып калды. Бул дестабилизацияга сөзсүз түрдө алып келет. Ошентип, 24 пайыз добушту алган партия дароо эле 40тан ашык добушка ээ болуп, экинчиси да 40 болуп,үчүнчүсүнө кичинекей тийип калганына мыйзамда жазылып калган барьерлер себеп болду.

Кайра эле ушул эрежелер менен бара турган болсок, кайра эле ушул көрүнүш болот.Ошон үчүн азыр биз шайлоого кичине болсо да, жаңы эрежелер менен барып, мейли 10 партия келсин, ичинен коалиция түзүшөт, бири-бири менен сүйлөшүүгө барышат.

Оптималдуу босого 3 %, күрөө акчасы миллион сом болсун.

Биз биометриканы эмнеге киргиздик эле?

- “Форма-2”боюнча кандай сунуштарды айтасыз ?

-Форма-2 нин түп-тамыры туура эле. Айылда жашап туруп, Бишкекте окуса, ал Бишкекке алып алат. Мындай караганда, бул адамдын шайлоого болгон укугун карап көрүү. Бирок саясат менен коштолду. Чын эле мен ошол убакта айылга барат экенмин, ошол жакка кетип калайын десе, “орун жок” деп коет, а “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”же “Кыргызстанга” орун бар, башка партияларга квота, көп болбосун деген чектөө коюп коюшкан.

А чынында биз максималдуу түрдө биометрикага барып, көп нерселерди эмнеге киргиздик эле? Добуш сатылбасын, ар бир жарандын шайлоого болгон укугу кеңейсин деп. Москвадан канча мигранттардокумент жасаганда дагы тизмеге кирбей калды деген маселе чыгып жатат.

Өзүмдүн кызым, мына 20га чыккан, биринчи жолу добуш берип жатат, биометрикасын тапшырып, “эмнеге тизмеде жокмун” деп кайра-кайра бир айдын ичинде жазып жатып, анан араң тизмеге кирди. Биометрикасын тапшырса дагы, тизмеге кирбей калгандар толтура болду. Башкача айтканда бүгүнкү күндүн мүчүлүштүктөрү аябай көп. Ар бир мамлекеттик орган кандайдыр бир демилгени мойнуна алгандан кийин, ошону кынтыксыз иштөөгө чейин жеткириши керек.

Технологиясы мындан да алдыга кетип кала турган болсо, анда мисалы телефонумдан эле добушумду калтырам деген болсо, анда форма-2нин деле кереги жок.

“Бүгүнкү абалдан кийин шайлоо болсо экен деген маселе турат”

-4-октябрдагы парламенттик шайлоодо бир топ аткаминерлер шайлоого барышты эле, ошол учурда алар кызматын убактылуу тапшырып барышкан. Ошол азыр кандай болушу керек?

-Бул бийликтин партияларына абдан жакшы, анткени алар кайсы мамлекеттик органдын жетекчилерин өз тизмелерине кошуп алат, ошол мамлекеттик орган өз жетекчисине шайлашы мүмкүн, анан алардын структуралык бөлүктөр, региондогуларына мынча добуш чогултуп келесиң, болбосо жумушуңан айрыласың деп ишарат кылып коет.

“Балким преференциалдуу системаны киргизели”

-Сиздердин партия да шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп чыктыңыздар эле, келерки шайлоо таза өтөт деп ишене аласыздарбы?

-Эми дароо эле баары таза болуп кетет дегенге мен ишене албайм. Бүгүнкү абалдан кийин шайлоо болсо экен деген эле маселе. Себеби эл момундай кереги жок, тигиндей кереги жок десе эле азыркы бийликке туруп жаткан биздин жетекчилерибиз саясатчы болуп жүрүшкөн да, элдин уккусу келген нерсени убада берип ийишет. Ал популисттик убада болуп калат да, ишке ашпашы деле мүмкүн. Ошон үчүн дароо эле Конституцияны өзгөртөм, бир мандаттуу мажоритардык системаны алып келем, президенттик республика болом дегендерди сүйлөп жиберишкен. Бирок муну мен артка кетүү деп билем. Муну эч качан ишке ашырбаш керек.

Балким преференциалдуу деп коет, аны киргизели, ошол тизменин ичинде ким биринчи орунга турат, элдер добушту кимге берсе, ошол адамдын авторитети алдыраак жылып, ар бир адам “мага азыраак киши добуш бергени үчүн мен арттараак болуп калган турбайымбы” деп өзүнүн жакшы иштери, жакшы мыйзамдары менен элдин оозуна кирет дагы, кийинки шайлоодо алдыга жыла баштайт. Ошондо алдыда турган лидери дароо эле премьер-министрликке дайындалып калат. Бул нак парламенттик мамлекеттерде ошондой.

-Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилсе, коомчулукта айтылып жаткан сунуштар өтсө, жаштар, жаңы жүздөр келет деп ишенсек болобу?

-Кандайдыр аркасы таза балдарды таап, бир командага топтоо, шайлоо болгонго чейин реформаларды ишке ашырыш керек, эмне жетишпей жатат деген талкуулоо керек. Баннерлерди чоң-чоң кылып, акча кетирип, ар бир кадамда баннер кылып олтурбай эле көп агитацияны телевидениеге калтырыш керек экен, мына силердей болгондорго. Акчасынын баары асмандап кетип эле көп партияларда акча жок болуп калып элемамлекеттик каналдагы бекер кичинекей эфирге биз чаптала беребиз, элге бул аздык кылат, ар бир программанын багытын, кантип , эмне үчүн дегенди талкуулап турса, эл ошону карап туруп, идеяга добуш бере баштайбыз.

-5-октябрдагы митингден кийин бир топ адамдар, саясатчылар камалды, анын ичинде Темирлан Султанбеков. Алардын боштондугун талап кылып жатышат. Ошол туура талаппы?

-Бул туура талап деп ойлойм, себеби ага кылмыш жасадың дегенде, кайсы күндө экени так белгисиз, бешинде баш-аламандыкка чакырдыбы же тогузундабы? Эгер бешинде болсо, анда эмнеге алар эле, ал жерге көп кишилер келген. Ал атайын деле уюшулган эмес деп ойлойм, анткени биз 2 пайызга жетпеген добуш алып калдык, кийинкисинде дагы ойлонуп жатканбыз. Анан тарапташтар “үч эле партия өтүп кетеби, кандай добуш сатып алуу, кандай мыйзамсыздык болду, келгиле эртең өзүбүздүн оюбузду айтып коелу” дегенде митингге бардык. Анан тынчтык митинги жанагындай нерсеге өтүп кетти.

Ошон үчүн бүгүнкү күндө жаштар келе алышат деп ойлойм. Жаштардын мындан да кыйындарын бириктирип, мындан да сонун программаларды талкуулап, элдин жүрөгүнө жетиш керек. Бүгүнкү күндө адам, баатыр деп көнүп калганбыз, а кантип өзгөртөм деген нерсени талкууласак, гениалдуу демилгелер элдин башында бар. .

“Кыргызда демократия илгертен эле бар болчу”

- Биз дүйнө жүзүнө эң акыйкат башкаруу системасын орнотушубуз менен чыгалы. Батыштын демократиясы деп атабыз го, кыргызда элдик демократия илгертеден эле бар болчу. Биз добуш бергенде да жашыруун эмес, ачык бергенбиз. Бүгүнкү күндө биз ошол кантип өтүп жатат, ачык-айкындуулукту канткенде ишке ашырып жатабыз, канткенде биздин жолубузду талкуулап жатабыз деген нерсенин баарын көрсөтүп, жакшы нукка түшүп кете турган болсок, анда кыргызды да көптөр карайт.

Эң маанилүүсү- биз кандай жол менен барабыз?

-Башында өкмөттүн структурасы тууралуу айтканда анчалык канааттанган жокмун деп айттыңыз. Сиздердин араңарда өкмөткө кире турган жаштар бар да?

-Албетте, бар. Бирок биз дароо эле премьер-министри колдобогунубузга байланыштуу сунуштаган жок болуш керек. Сунуштаса дагы биз сүйлөшүп алганбыз, революциядан кийин орундарды ээлей башташпадыбы, ошондо эч ким эч бир орунду ээлебейт,кандайдыр бир портфель үчүн бул жакка келген эмеспиз, биз андан көрө ачык көзөмөлгө алабыз дегенбиз. Бүгүнкү күндө ошол маанилүү эмес, маанилүүсү - жол. Кайсы жол менен биз аны оңдойбуз. А бүгүнкү күнгө карасак, жолду деле талкуулаган жокпуз. Кызматка Асандын ордуна Үсөн келсе эле баары жакшы болуп кетпейт.

Мисалы азыр баары элди тетиги жакка отургузуп койгон да, 200 киши алмашып эле, бир колодадагыдай (таңгак) болуп, акчанын бийликтин аркасынан бири-биринин артынан келе жатат. Анан эл биз биякта эле калып калдык деп ойлоп жатат. Ошон үчүн борбордон ажыратуу, децентрализация дегенди толук беришибиз керек.

“Күрөө, босого пайызы азайтылса, чыныгы парламентаризм өнүгүп кеткенге мүмкүнчүлүк бар”

-Бир топ партиялар өткөн шайлоодо каражаттарын кетирип койду. Сиздердин партия каражатты чогултуп топтоду эле. Азыркы шайлоого партиялар кантип барышат? Же БШК мурдагы күрөөкаражатты кайтарып береби?

-Шайлоо жокко чыгарылды деген жыйынтыкка келгенден кийин кайтарып бериш керек. Эгер күрөөсүн түшүрүп берсе, анда кийинки шайлоого каражаты деле жетишип, кайра барса болот.Биз он күн фандрайзинг кылдык, элден 50 сом, 100 сом, 200 сом деп түшүп жатканын, ишеним, жаңыланууга эл да суусап калганын көрдүк. Жаңы, жаш, прогрессивдүү кичинекей болсо да, топ парламентте отуруп, “муну кылабыз, тигини кылабыз” дегенге заман келген экен.

Көп учурда көп нерсени акча чечип коет. Бийликте ким болтот деген нерсе шайлоодо чечилет да. Анан эбегейсизакчасы бар кишилер акчасын чачат, бийликте туруп алар кайрабайлык жасайт. Ошондуктан күрөө акчасын да, босогону да азайтышаарына ишенем. 9-10 партия парламентке келсе, коалиция түзүп, оппозиция болуп, чыныгы парламентаризм өнүгүп кеткенге сонун мүмкүнчүлүк бар.

“Революциянын максаты уурдалды”

-4-октябрдагы парламентик шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондордун арасында бар элеңиздер, ошол бизге кандай сабак берди деп эсептейсиз?

-5-октябрда болгон революциянын максаттары уурдалды. Революциядан кийин баарыбыз тегерек столго отуруп, Кыргызстанды кантип сактап калабыз, дүйнө жүзүнө кантип дурус нерсени көрсөтөбүз, эмнени оңдосок сонун болот деген нерселерди сунуштасак болмок. Ушуларды айтсам, Рита сен, идеалист экенсиң, бул жомок да, бийликти биринчи чуркап келген басып алат деп жашы улуу кишилер ушуну айтып жатканда ичим ачышты. Анткени жаш муунга да “басып алсаң болот турбайбы” деген нерсени көрсөтүп койсок, анда ушундай чоң муштум нерселерди бат кабыл алышат деп ойлойм. Ооба, бийликти алыш керек, бирок аң-сезим, жакшы ойлор менен, элге жакшы идеяларды сунуштооо менен . Кара күч жагынан эмес.

Ошол күндөрү башыңды жулам деген кишилер көп болду. Элдин баары эле коркпой кантип жүрөсүңдешет. Өзүмдүн Кыргызстанымда ары-бери басып жөргөндүн коркуп калсам, анда башкалар эмне болот дедим. Коркуп жашагандан көрө өлүп калган жакшы.

Бүгүнкү күндө Үмүтбек деген балабыз өтүп кетти, ошонун ата-энесинин алдында жерге коюлуп жаткан күнү өзүм ичимен айткам,колумдан келгендин баарын ошол Үмүтбектин үмүтү орундалганча иштей берем деп.

-Сиз өткөндө жеке ойлоруңузду билдирип, саясатта жаш экенбиз, биздин ойлорубузду башкача нукка бурууга шарт түзүлөт экен дегендей пикир айттыңыз го...

-Жаш партиялар да көп келди да, келгиле бир талапкерди көрсөтө калалы, бириге калып, бир иштерди жасайлы десек, баары жок болуп кетти. Бул дагы чоң партиялардын “запасной аэродрому” кылып коюшкан. Кайсы кызматты ээлеп алсак деп, кээ бирөөлөр кызматты ээлейбиз дешти. Мамлекеттик кызматтын айлыгы кичине, сен коррупцияга барсаң гана байыйсың.

Системаны өзгөртүш керек деген маселе туулду. Жаштарды деле бирөөлөр жетелеп жүргөндөй сезим болду, биздин партиябыз баарына барып , келгиле деп баарын чакыруусунан натыйжа чыкпай койгонуна байланыштуу, (биз кичине жаман да көрүнүп алдык), коркуу сезими менен жашап калабызбы дегенде, Бабанов мен алайын деди, жаш партия Бабановду да колдоп чыгаттурбайды дешти. Бирок ошол кезде партиянын амбицияларын коюп, мыйзамдуу жол менен бир нерсе болобу же коркутуу-үркүткөндөр үстөмдүк кылып алабы деген маселе турду.

Тилек Токтогазиевди көрсөтүп жатканбыз, анда элдин баары ал жаш бала, кантип премьер-министр болсун дегенде, ошол кадамга бардык. Тилекке каршы ошол шайлоодо айым болсочу деп ички дүйнөм менен каалап турдум. Айымдардын көз карашы кичине башкача, аял бирөөнүн да каны төгүлбөсүн, эртеңки балдарыбыздын жашоосу кандай болот дейт да.Эркектер болсо, “сен кыйынбы же мен кыйынмынбы” дешет экен. 2-3 айга айымды коюп коелу десе дагы чоң саясатчылар четке кагып койгону өкүнүчтүү. Бирок бара-бара көп эле айымдар башкарууга келип, өзүнүн кыйын башкаруучу болорун тастыктайт болуш керек.

Ошонун баары чоң сабак болду, биздин партиябыз да чоң сабак алдык. Мындан ары дагы элдин үмүтү жанып турушу керек, биз эч жакка кетпей, ишибизди улантышыбыз керек. Эми жок дегенде парламентке кирип калуу маселеси болуш керек.Жети пайыз болсо биз ал жерге кире албайбыз, беш пайыз болсо деле жаш партиялардын ал жакка кирүү мүмкүнчүлүгү жок.

Айгүл Бакеева/ПолитКлиника

Сүрөттөрү: “ПолитКлиника” медиасы