​Президент Жээнбеков парламенттик шайлоого чейин отставкага кетпейт

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага парламенттик шайлоодон кийин кетет.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева РИА Новости агенттигине билдирди.

Президент Жээнбеков жаңы дайындалган премьер-министр Садыр Жапаров жана парламент төрагасы Канатбек Исаев менен жолуккан. Стамалиеванын айтымында, премьер-министр Жапаров Президент Жээнбековдун бүгүн, 14-октябрда кечинде отставкага кетиши керектиги тууралуу талап койгон.

Стамалиева “Жээнбеков дагы бир жолу Президенттиктен азыркы учурда кетүүгө укугу жок экенин, окуялардын жүрүшү күтүүсүз кесепеттерге алып келе турганын айтканын билдирди. Президент 2020-жылдын 9-октябрында айткан сөзүндө туруп, мамлекетти укуктук талаага кайтаргандан кийин отставкага кетээрин эске салганын” айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты