Темирлан Султанбеков үй камакка чыкты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 14-октябрда, «Социал-Демократтар» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Темирлан Султанбеков үй камагына бошотулду. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган.

Эскерте кетсек, Темирлан Султанбеков «массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен айыпталууда. 9-октябрь күнү ал митингден соң кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту эки айга абака алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты