​Жогорку Кеңештин депутаттарынын ортосунда келишпестиктер келип чыкты

  • 4 года мурун

Депутаттар тобу шайлоо босогосун 3% га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүүнү жана форма-2ди жокко чыгарууну сунуш кылган мыйзам долбоорун сунуштап жатышат.

Депутаттар маселени бирдиктүү комитет катары кароону каалашты. Бирок конституциялык комитеттин төрагасы Канат Керезбеков “кворум жок” — деп айткандан улам, пикир келишпестиктер башталды.

Депутаттардын ортосунда чыр чыгып, Алтынбек Сулайманов менен Керезбековдун, ошондой эле Сулайманов менен Нурбек Сыдыгалиевдин ортосунда кагылышуу болду.

Айрым депутаттар жыйын бөлмөсүнөн чыгып, иш бөлмөлөрүнө кетишти. Эшик ачылганда спикер Канатбек Исаев менен Алтынбек Сулаймановдун жулкулдашып жатканы белгилүү болду.

Кийинчерээк Сулайманов кворум жок, мушташ болгон жок деп айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты