Өмүрбек Бабанов: Темирлан Султанбеков тез арада эркиндикке чыгарылышы керек

  • 4 года мурун

Өмүрбек Бабанов саясий куугунтуктоолор тезинен токтотулушу керектигин, Социал-демократтар партиясынан Темирлан Султанбековду тез арада камактан бошотууну талап кылды.

-Ой-пикирлер ар кандай болот, бирок мыйзам баарына бирдей. Активдүү жарандарды коркутуулар, саясий куугунтуктоолор тезинен токтолушу керек. Темирлан Султанбеков тез арада эркиндикке чыгышы керек.

Cаясий себептер менен анын эки айга камакка алынышы эркин сүйлөгөн кыргызстандыктарды коркутууга багытталган.

Белгилүү болгондой, бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары эски аянтка чогулушууда. Алардын да конституциялык сөз эркиндигине жана тынч жыйынга катышуу укуктарын бийлик өкүлдөрү камсыз кылуусу тийиш.

Талап кылган мыйзамдуулук бардык саясий күчтөргө жана бийликке бирдей болушу керек.

Камоолор көйгөйдү чечпейт, тескерисинче тирешүүнү күчөтөт. Укук коргоо органдары жарандардын тынч чогулушка болгон конституциялык укугун коргошу керек. Провокация уюштуруп, таратуу, кармоо жана камакка алуу менен коркутпоого тийиш, -деп кайрылды Өмүрбек Бабанов.

Коомчулук Темирлан Султанбековдун бошотулушун талап кылып жатат. Кечээ парламентте Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов жана башкалар Темирлан Султанбековдун бошотулушу керектигин билдиришти.

12-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Темирлан Султанбековду СИЗО-1 абагына 13-декабарга чейин камоо чечимин чыгарды.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы баш-аламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, анын ичинде Алмазбек Атамбаевди бошоткон.

9-октябрда массалык баш-аламндыкты уюштургандыгы үчүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары — Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов кармалган.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты