Канат Исаев: Өткөн шайлоодогу каталарды кетирбей, сабак алышыбыз керек

  • 4 года мурун

“Ала-Арча” резиденциясында өткөрүлүп жаткан депутаттардын кезексиз жыйынында ЖК төрагалыгына талапкерлигин койгон депутат Канат Исаев ЖКнын төрагасы жок иш чечилбей турганын белгиледи:

Мамлекет үчүн парламенттин орду аябай чоң. Ушундай башаламан учурда парламент четте калбашы керек. Кырдаалга байланыштуу чечилиши керек болгон ачык маселелер бар жана премьердин шайланышы боюнча да кайчы пикирлер болуп жатат. Мындай кезде ЖКнын төрагасы жок иш чечилбей калат. Кыска мөөнөттө болсо дагы ЖКнын төрагасы катары ишмердүүлүгүн улантышым керек деп ойлойм. Жакында шайлоо болот. Балким шайлоонун алдында жаңы мыйзамдарды киргизүүгө туура келет. Дагы айткым келген нерсе өткөн шайлоодогу каталарды кетирбей, сабак алышыбыз керек”, — дейт Исаев.

Бүгүн, 13-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулуп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты