​Мирлан Бакиров: Жапаров боюнча токтомду бекитүү менин милдетим болчу

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров 9-октябрдагы чукул жыйында спикердин орун басары катары отурумду алып барганын белгиледи:

Мурунку спикер Мыктыбек Абдылдаев кворум кылып, жыйынды баштап берди. Мен модератор катары депутаттардын макулдугун кагазга түшүрүп, токтомду бекиттим. Бул менин спикердин милдетин аткаруудагы милдетим болчу.

Регламент боюнча биринчи же экинчи вице-спикер деген жок. Төрага орун басары катары мен иш башкармалыгы, каржы маселелерин карайм. Аида Касымалиева аппараттын эл аралык мамилелерин тескейт. Өткөн отурумда төрага Мыктыбек Абдылдаев өзү: “ Мен өз торагалыгымды токтотом, мындан аркы ишти төраганын орун басары Мирлан Бакиров алып барат”- дегени үчүн жана протоколго ылайык жыйынды алып бардым.

Премьер-министрликке Садыр Жапаровдун бекитилиши кырдаалга байланыштуу болгон. Ал эми, президенттин токтомду кайра артка жибериши кворум маселесине байланыштуу”, — деп билдирди Бакиров

Бүгүн, 13-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулуп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты