​Жээнбеков Россиянын президенттик администрация жетекчисинин орун басары менен жолугушту

  • 4 года мурун

Жакында Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте РФ Президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Россия Президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Жолугушууга Садыр Жапаров да катышты.

Бул тууралуу КР Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалда жаралган кризистин биринчи күндөрүнөн тартып Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путин менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Россия тарап түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирген жана абалды жөнгө салуу боюнча өздөрүнүн жардамын сунушташкан.

5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган.

Парламенттин ал жыйынын айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты