​Акыркы окуяларга байланыштуу социалдык тармактарда кастык тили күчөдү. Бул эмнеси менен кооптуу?

Баяндар

Соңку убактарда коомдук-саясий окуялардын курчуганынан улам социалдык тармактарда саясатчыларга карата кастык тили күчөп жатат. Кастык тили эмнеси менен кооптуу?

“Кастык тили” – жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, бирок кээ бирѳѳлѳрдү - башка улут, гендер, диний, же дагы башка социалдык топту кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ жана мыйзамга каршы келе турган тил.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын” “Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” деген бөлүмүнүн 16-беренесинде:

“Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык… Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес”, - деп жазылат.

Учурдагы саясий башаламандыктан улам социалдык түйүндөрдөгү комментарийлерде саясатчыларга карата кемсинткен, басынткан, аброюна шек келтирген сөздөр көбөйдү. Комментарийлердеги кастык тили сырткы келбетинен тартып жынысына чейин айтылгананын байкоого болот.

Эң жаш саясатчы катары элге көрүнө баштаган Темирлан Султанбековго сырткы келбетине, жаш курагына карата кастык тили айтылып келет. “Жөн эле отурса болмок” “Алмазбек Атамбаевдин күчүгү” деген комментарийлер жөн эле сын пикирден айырмаланып, анын аброюна шек келтирүүгө жатат.






















Вице-спикер Аида Касымалиева да кастык тилине кабылган саясатчылардын бири. Govori TV медиасынын фейсбуктагы баракчасынын комментарийине Аида Касымалиеванын абийирине шек келтирилген орунсуз, сөгүнгөн сөздөрдү калтырышкан.



Ошондой эле депутат Эльвира Сурабалдиеванын дарегине да аброюна доо келтирген, гендердик дискриминацияга алып келген кастык тили жазылган.

“Аялдын орду үйдө”, “Эрге тий” деген комментарийлер, сөгүнүү сөздөрү аялдардын моралдык укугун тебелөөгө, басынтууга жатат.




Акыркы саясий окуяларга активдүү катышып жаткан Тилек Токтогазиев жөнүндө сын-пикирлер социалдык тармактарда арбын. Этикага туура келбеген, адамдык абийрине доо кетирген, сөгүнгөн сөздөр аны да жайына койбой келет.













Ошондой эле сырткы келбетине карата айтылган кастык тили да калтырылууда.












“Ата-Мекен” партиясынын лидери Жанар Акаев митингдин алгачкы күндөрүндө жарадар болгону айтылганда, фейсбук колдонуучулары жеке адамдык сапатына өткөн ар кандай комментарийлерди жазышкан.

Эмоцияга алдырып, терс маанайдагы позициясын жашыра албаган колдонуучулардын “Акмаксың”, “Шакал” деген сыяктуу Алмазбек Атамбаевдин жекелигине өткөн комментарийлери дагы арбын.

Кастык тили саясатчылардын коомдогу беделин, аброюн түшүрүү максатында кеңири колдонулуп келе жатат. Кастык тилин колдонгон адам, жарандык жана административдик укуктардын негизде жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Ал эми жазык жазасы акыркы чара катары гана, өтө олутту учурларда колдонулат.

Эмнеси менен кооптуу?

БУУнун сөз эркиндиги боюнча эксперти Дэвид Кайе кастык тили интернет желелеринде өтө бат ылдамдык менен тарап жатканын белгилейт.

“Кастык тили виртуалдык дүйнөдө өтө бат ылдамдык менен тарап жатат. Жыйынтыгында олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Аны колдонуунун башкы максаты башкалардын үнүн басуу болуп саналат. Маселе, биз муну менен кантип күрөшүүбүз керекпи дегенде эмес, маселе кантип күрөшөбүз дегенде. Анткени, кастык тили менен күрөшүү адам укугун бузбай жүрүүсү керек”, - дейт Кайе.

Ар бир адам кастык тилдин курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Анткени, биз баарыбыз кайсы бир улуттун, кайсы бир гендердик, же социалдык топтун мүчөсүбүз. Азыркы учурда, сиз кодулап жаткан адамдар менен бир топко кирип, алардын пикирин кубаттап жаткан болсоңуз дагы, кайсы бир учурда сиздин улутуңуз, гендердик тобуңуз, социалдык тобуңузду жактырбай, кодулаган, андан иренжиген башка топ пайда болуп калышы мүмкүн.

Ошондой эле, жийиркенүү, жек көрүү сезиминен пайда болгон кастык тили, сөзсүз түрдө аткарылуу ыктымалдуулугуна ээ экенин “Артикль19” уюму белгилейт.